Бакыт Мукулдун айылга каты. Уурдалган чана, "үчкө" окуган сүрөтчү

© Фото / из личного архива Бакыта МукулКырызский режиссер, актер Бакыт Мукул
Кырызский режиссер, актер Бакыт Мукул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар айылга катты актер, "Ата керээзи" тасмасынын режиссеру Бакыт Мукул жазып, кошунанын үйүнөн байкеси экөө уурдаган чананы, шаардан айылга көчүрүп барган чоң апасын эстеп, чыгармачыл үй-бүлөсү тууралуу да айта кетти.

Беш жашка чыкканга чейин атамдын кызматына байланыштуу Нарын шаарында болуп 1970-жылдары Учкун деп аталган айылыбызга көчүп барганбыз.

Балалык күндөрүм, эсте калган окуучулук кез дал ошол Учкун айылында өттү.

Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Депутат Аида Касымалиеванын айылга каты. Таята, жылдыз санаган түндөр, эски ийик
Бала кезимди эстесем эле оюма кошунанын баласынын чанасы келет. Анда мен беш жашта болчумун. Атам сельсоветтин катчысы болуп үй-бүлөбүз менен Нарын шаарында тураар элек. Атам Мукул үйдүн жалгыз баласы болгондуктан чоң апам да биз менен жашачу. Бирок чоң апам шаарга көнбөй "өлсөм сөөгүм айылга эле көмүлсүн" деп мени, анан дагы бир инимди алып кетип калды. Көп өтпөй атамдар айылга көчүп келишти. Ал кезде 1970-жылдардын ноябрь айлары эле, айылга кар жаап, суук түшүп калган. Таалай деген байкем экөөбүздүн аллюминий жеңил чанабыз бар болчу. Айылдагы балдарды карасак баары темирден жасалган оор чана тээп жүрөт. Өзүбүздүкүн ойногубуз келбей башка балдардын чанасына көзүбүз өтүп кызыга баштадык. Бир күнү байкем айылдагы бир бала менен уруша кетип тиги баланы ыйлатып салды. Жанында чанасы бар экен, аны таштап тиги бала ыйлап кетип калды. Темир чанадан көзүбүз өтүп жаткан жаныбыз кудуңдап үйгө сүйрөп кетип калдык. Аны көргөн чоң апам "ай, бул кимдин чанасы" деп сурагыча болбой ыйлаган баланын байкеси келип чанасын алып кетти. Кызыгып калган жаныбыз аны кайра алып келгенге жөнөдүк. Үйүнө барсак чана эшиктин алдында туруптур, акырын уурдадык да үйгө алып келип кап менен жаап катып койдук. Анан байкем "чана уурдап келдик деп эч кимге айтпа" деп менин макулдугумду алды. Бирок үйгө кирээрибиз менен мен "биз чана уурдап келген жокпуз" деп айтып салыптырмын. Аны уккан атам "булар эмне деп жатат, эшикти карагылачы" деп туугандарымды чыгартып караса эшиктин алдында кап менен жабылган чана турат. Баары бир чети күлүп, бир чети жинденишкен. Азыр ал окуяны ооздорунан түшүрбөй тамашалап айтып турушат.

Үй-бүлөбүздө чыгармачыл адамдар көп

Атам Мукул сельсоветтин катчысы болгонго чейин театрда иштеген. Анын талантын улай тогуз бир тууган болсок анын ичинен көбүбүз чыгармачылыкты тандадык. Үйдүн улуусу Күмөндөр байкем жакында эле "Эл артисти" наамын алды, андан кийин Таалай деген агам Нарын драма театрында иштеген. Мен, келинчегим экөөбүз тең артистпиз. Карындашым Тилеккүл Балыкчыда маданият үйүндө режиссер, Канат деген иним да чыгармачыл жаатта жүрөт. Неберелерден Марат, Нурболот Абыловдор "Чоро" тобунда бири продюсер, бири солист. Күмөндөр Абыловдун кызы да Улуттук консерваторияда сабак берсе, менин экинчи уулум Санкт-Петербургдагы Ваганов атындагы университеттин балет жагын аяктаган. "Ата керээзи" тасмасында баш каармандын ролун аткарат. Ошентип онообуз мен тасма тартып, режиссер болгонго чейин концерт берип калчубуз, эми да буюрса ал ойду ишке ашырабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКинорежиссер и актер Бакыт Мукул
Кинорежиссер и актер Бакыт Мукул - Sputnik Кыргызстан
Кинорежиссер и актер Бакыт Мукул

Тентек, бирок ырчы, сүрөтчү окуучу

Музыка, чыгармачылыкка кичинемде эле жакын болчумун. Мектепте окуп жүргөн кезде ар бир үйдө беш сомдук кичинекей радио бар эле. Кандай ыр уксам анын биринчи эле обонун жаттап алчумун. Классыбызда Бурулсун, Күлийпа деген классташ кыздарым болсо ырдын сөзүн бат эле жаттап алышчу. Ошентип үчөөбүз чогулуп алып мектептеги иш-чараларда ырдап, ийримдерге катышчубуз. Сабакты болсо кыйратчу деле эмесмин, тентек да болчумун. Бирок сүрөттү жакшы тартаар элем, мектептегилер "писар" деп коюшчу. Ал мезгилде кабинеттердин айнектерин сырдап кайра ага тескери тамга менен жазып кооздош керек болуп калды. Мугалимдер менин сүрөттү жакшы тартаарымды билип кезекке турушту. Ошентип сабак окубай эле ошолорду жасап калдым. Ага карабай мугалимдер мага "3" деген баа коюп койчу. Бир күнү "эмнеге 3 коесуңар, мен деле анда 4кө окуйм" деп чыр чыгарсам кичине көтөрмөлөп коюшчу. Бирок кийин театралдык училищеде жалаң "5" деген баага окудум. Ойлосом мектептен жакшылап көңүлдөнсөм жакшы эле окумак экенмин.

Эркин тема, армия

Саякбай манасчы коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-депутат, ЖКнын аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Самат Ибраевдин айылга каты. Манас ааламынын алдында аткарылган парз
10-класс окуп жүргөндө кыргыз тилчи мугалим "ким кайсы кесиптин ээси болгусу келет?" деген эркин темада дил баян жаздырды. Мен ошондо эле актер болгум келип Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадыловдун кинолоруна анализ берип жазыптырмын. Ошентип актер болом деп кыялданып жүрдүм. Бир күнү шоктук кылып балдар менен мушташып кетип акырегимди чыгарып алдым. Аны көргөн атам "сен эми жарабай калдың, актерлордун колун-бутун толгойт. Анан сенин колуң чыгып кокуйлап жүрсөң болмок беле" деп койду. "А мен артист боло албайт турбаймынбы" деп көпкө чейин өз кесибимди таппай, эч жерде окубай жүрдүм да армияга кетип калдым. Ал жактан келгенде да "актер болом" деген кыял ойдон кетпей койду. Анан "кой, жок дегенде музыкант болоюн деп" деп аккордеон, комуз черткенди үйрөнүп жүрүп чыгармачылыкка аралашып кеттим.

Жаңылыктар түрмөгү
0