БИШКЕК, 6- мар. — Sputnik. Быйылкы жылдын башынан бери интернет сайт аркылуу кардар издеп төшөк кызматын көрсөткөн 64 кыз-келин милициянын каттоосуна алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Борбор калаанын милициясы интим кызматын көрсөтүп жүргөн жарандарды аныктап-тактоо иштерин улантууда.
“Быйыл милиция бөлүмдөрүнүн каттоосуна 119 адам алынды. Анын 64ү — интернет аркылуу кардар издеген сойку болуп чыкты”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан үч күн мурун интернет аркылуу төшөк кызматын көрсөтүп келген айылдык кыздар кармалган.