00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
К 10-летию ЕАЭС. О достижениях в сфере поддержки бизнеса стран союза
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
10:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын камсыздандыруу системасы КМШда үлгү болуучу деңгээлге жетти. Жарандар эмнени так билиши керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Рекордное потребление электроэнергии: причины и меры Минэнерго
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Китепкананын учурдагы ролу канчалык? Улуттук китепкана заман талабына жараша өзгөрүүгө муктаж
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков кимди жумуштан алып кимди кызматка койду. 100 күндө өзгөргөн команда

Жазылуу
Үч айдан ашуун убакыт ичинде президенттин аппарат жетекчиси, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Коррупцияга каршы кызматтын төрагасы алмашты. Sputnik Кыргызстан Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатына саресеп салып көрдү.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 3-март күнү Сооронбай Жээнбековдун президенттикти аркалаганына 100 күн толду. Бул мезгил аралыгында өлкө башчы бир катар сапарга чыгып, билдирүүлөрдү жасап, кадрдык өзгөрүүлөрдү ишке ашырды.

Жаңы дайындоолордун акыркысы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчилигине келген Данияр Сыдыков болду.

Sputnik Кыргызстан редакциясы өлкө башчы дагы кандай кадрдык өзгөртүүлөрдү жасаганын эстеди.

Президент кимди кызматка коюуга укуктуу

Президент КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Ажолукка 100 күн. Сооронбай Жээнбеков эмнелерге үлгүрдү
Баш мыйзамдын 1-декабрда күчүнө кирген өзгөртүүлөрүнө карабастан президент мурдагыдай эле бир топ укукка ээ болуп, жогорку даражалуу аткаминерлерди кызматка кое алат. Алардын катарында аппараттын кызматкерлери эле эмес, Улуттук банк, Генералдык штаб, улуттук коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттер, Мамлекеттик кадр кызматынын жана башка бир катар ведомстволордун жетекчилери бар. Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаев дайындаган жетекчилердин көпчүлүгү кызматта калды. Бирок ага карабастан бир катар дайындоолор болду. Жээнбеков 24-ноябрдан тарта президенттик тизгинди колго алган. Биздин эсепке өкмөт башчы сунуштаган дайындоолор менен кызматтан алынгандар кирген жок.

Фарид Ниязов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевФарид Ниязов президенттин аппаратынын жетекчиси
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Фарид Ниязов президенттин аппаратынын жетекчиси

Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Алмазбек Усенов 11-декабрь күнү өз ыктыяры менен кызматынан кетип, анын ордуна Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов келди. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин да аппаратын башкарып келгенин айта кетүү керек. 26-февралда Ниязов жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жээнбеков кабыл алган эмес.

Алмамбет Салиев

Усенов кеткен күнү президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Элвира Сариева да арыз жазып, анын ордуна Алмамбет Салиев келген.

Турдуназир Бекбоев

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТурдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иши бөлүмүнүн башчысы
Министр сельского хозяйства, мелиорации и пищевой промышленности Турдуназир Бекбоев - Sputnik Кыргызстан
Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иши бөлүмүнүн башчысы

Мурунку айыл чарба министри президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иши бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

Толгонай Стамалиева

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТолгонай Стамалиева президенттин маалымат кызматынын жетекчиси
Заведующая отделом информационной политики аппарата президента КР Толгонай Стамалиева - Sputnik Кыргызстан
Толгонай Стамалиева президенттин маалымат кызматынын жетекчиси

Стамалиева президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Алмазбек Атамбаевдин тушунда эле дайындалган. Жээнбеков президент болуп келгенден кийин өлкө башчынын да маалымат катчысы болуп калды. Эскерте кетсек, Стамалиева Жээнбеков премьер-министр болуп турганда өкмөттүн маалымат кызматын жетектеген.

Данияр Сыдыков

© Фото / пресс-служба МИД КРДанияр Сыдыков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы
Посол Кыргызской Республики в Узбекистане Данияр Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Данияр Сыдыков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

Сыдыков ШКУ башкы катчысынын орун басары болуп кеткен Айзада Субакожоеванын ордуна — аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп келди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы

Кызматтан 18-декабрь күнү кеткен Алмаз Курманалиевдин орду азырынча бош турат. Ал Коопсуздук кеңешин эки айга чукул жетектеди. Бул арада катчынын биринчи орун басары Адылбек Курбанов кызматынан алынып, ордуна өкмөттүн аппаратында иштеп келген Дамирбек Сагынбаев дайындалды. Дагы бир орун басар Марат Төрөбеков ЖМКлардын маалыматы боюнча кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Эрнист Толтоев

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭрнист Толтоев президенттин жардамчысы
Помощник президента КР Эрнист Толтоев - Sputnik Кыргызстан
Эрнист Толтоев президенттин жардамчысы

Былтыркы жылдын 27-ноябрында президенттин жардамчысы болуп Эрнист Толтоев дайындалды. Ал Жээнбеков өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү жана премьер-министр кезде да жардамчылык милдетти аркалаган.

Асылбек Кожобеков жана Марат Шайымкулов

Жээнбеков экөөнү тең өзүнө кеңешчи кылып алды. Ушу тапта өлкө башчынын үч кеңешчиси бар. Жеңиш Разаков Атамбаевдин президенттигинде эле аталган кызматка дайындалган.

Адылбек Курбанов

20-декабрь күнү Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурунку орун басары болуп калган Курманов Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп келген.

Толкунбек Абдыгулов

© Фото / пресс-служба НБКРУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов
Председатель Национального банка Толкунбек Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов

Декабрдын башында Кубанычбек Кулматов кайрадан Мамлекеттик бажы кызматына барып, ага чейин ээлеп келген Улуттук банктын төрагалыгына экс-вице-премьер Толкунбек Абдыгулов дайындалган. Эскерте кетсек, Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылга чейин да башкы банкты башкарып келген.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы

Назначение директора Агентства по продвижению и защите инвестиций КР - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковго кимдер акыл айтат. Премьердин 11 кеңешчисинин милдеттери
19-февраль күнү Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевдин арызын канааттандырган. Ага чейин, 8-февраль күнү Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган кызматтын ишмердүүлүгүн катуу сынга алган.

Редакция буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 100 күн аралыгында эмне жасап үлгүргөнүн карап чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0