Элвира Сариева кызматынан бошотулуп, ордуна Алмамбет Салиев дайындалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүПрезиденттин аппарат жетекчисинин орун басары Элвира Сариеванын архивдик сүрөтү
Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Элвира Сариеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариева бул кызматка үстүбүздөгү жылдын февраль айында келген

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Элвира Сариева кызматынан бошотулуп, ордуна Алмамбет Салиев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Фарид Ниязов президенттин аппаратын жетектемей болду
Тийиштүү Жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Аталган кызматка 2017-жылдын февраль айында келген Сариева жумушунан берген арызынын негизинде кеткени айтылды.

Алмамбет Салиев буга чейин Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде өкмөт башчынын жардамчысы, андан кийин өкмөттүн коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Салиев 34 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0