Ажолукка 100 күн. Сооронбай Жээнбеков эмнелерге үлгүрдү

Жазылуу
Бүгүн, 4-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун ажо катары расмий иштеп баштаганына туура 100 күн болду. Андан бери кыргыз-казак мамилеси жолго салынып, өлкө башчысы коррупцияга каршы катуу күрөш башталарын жар салды. Sputnik Кыргызстан агенттиги үч айдан ашык убакыт ичиндеги маанилүү учурларга токтолду.

Тышкы саясат

Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы катары биринчи иш сапарын Россиядан баштап, Владимир Путин жана өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолуккан. Ал эми 30-ноябрда Минскиде Жамааттык коопсуздук уюмунун юбилейлик саммитине катышып Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен кезиккен. Аталган иш-чарада Сооронбай Жээнбеков менен казак президенти Нурсултан Назарбаев кол алышып, сууп кеткен мамиле жандана түшкөн

Декабрда болсо коңшу Өзбекстанга болгон сапарында Бишкек — Ташкент, Ош — Ташкент авиа каттамдарын ачуу сыяктуу бир катар келишимдерге кол коюлган

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖээнбековдун Өзбекстанга болгон сапарында Шавкат Мирзиёев менен жолукту
Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун Өзбекстанга болгон сапарында Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Жыл башында Тажикстанга барып, өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушуп, экономикалык жана гуманитардык жактан кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖыл башында Тажикстанга барып, өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушту
Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Жыл башында Тажикстанга барып, өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушту

Бишкекте болсо, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен чет элдик атка минерлерди кабыл алган. Алардын катарында Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Аркадий Дворкович, Казакстандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Айымдос Бозжигитов бар.

Алгачкы кадамдар

Жыл башында Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялап, элет жерин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койду. Анын негизинде аймактарда жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны жакшыртуу жана ишкерликти өнүктүрүүгө басым жасоо каралган. Кийин ажо иш сапары менен Нарын, Баткен облустарына барып, жарандарга ипотекалык насыяларды жылына 8 пайыз менен бериле турганын айтып кубанткан. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны чакырды
Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял Генпрокурора Индиру Джолдубаеву - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны чакырды

Ал эми 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарын катуу сынга алып, коррупция менен күрөшүүдө көңүл жылытарлык жыйынтык болбой жатканын кесе айткан. Ал уюшкан кылмыштуулук, баңги заттарга байланышкан кылмыштарда погончондордун аралашуусу бар экенин сөз кылган. Андан соң Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны чакырып, ишканаларды негизсиз текшерүүлөргө чара көрүүнү тапшырса, ички иштер министри Улан Исраиловго кылмыштарга аралашкан кызматкерлерден арылуу ишин жүктөгөн.

Кадр саясаты

Коопсуздук кеңешинин жыйынынан соң өлкө башчы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараевди, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматынан алды. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди ээлеген кызматынан бошотуп, президенттик аппаратта бир катар кызматтык дайындоолорду жүргүзгөн. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖээнбеков аппарат жетекчиси Фарид Ниязов менен
Президент Сооронбай Жээнбеков посетил Государственный исторический музей КР - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков аппарат жетекчиси Фарид Ниязов менен

Өткөн айдын соңунда аппарат жетекчиси Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу оюн угуп, анын сунушун кабыл алган жок. Фарид Ниязов өткөн жылдын декабрь айынын башында президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган болчу.

Сес көрсөткөн өлкө башчы

Жүз күн ичинде Сооронбай Жээнбеков бийлик бутактарына сес көрсөтүп, айрымдарын жумуштан кетирди. Ажо жогорку кызматта иштегендерди карапайым элге жеткиликтүү болууга чакырган.

"Эл силерге арыз-муңумду угат деген үмүттө кайрылат. Бирок баарыңар эле кабыл ала бербейсиңер. Өткөрмө пункттары менен курчалып, күзөтчүлөрдү коюп алып, силер элге жеткиликтүү болбой жатасыңар. Адамдар силерден арка-бел издесе, силер өзүңөр жан сакчы менен жүрөсүңөр, анан кантип элди коргойсуңар?" — деп суроо салган өлкө башчысы.

Ал ошондой эле эгер сот органдары алдына коюлган милдеттерди так аткара албаса, президент жеке өзү кийлигише турганын эскерткен.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Айылда чоңойгон жөнөкөй жигит! Соцтармак кол чатыр көтөргөн Жээнбеков тууралуу
"Соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттор оор кылмыш жасагандарды актап, туура эмес чечим чыгарып, элдин укугун тепселеп жатса, мен президент катары бардык нерсеге кийлигишем. Мага элдик бийликти ишке ашырууга эл өзү уруксат берген. Бардыгын мыйзам чегинде аткарабыз", — деген өлкө башчысы.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында расмий түрдө президенттик кызматка киришип, эгемендүү Кыргызстандын бешинчи өлкө башчысы болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0