Айзада Субакожоева ШКУнун башкы катчысынын орун басары болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевШанхай кызматташтык уюмунун башкы катчынынын орун басары болуп дайындалган Айзада Субакожоева. Архив
Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчынынын орун басары болуп дайындалган Айзада Субакожоева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Субакожоева буга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Айзада Субакожоева Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ал 2017-жылдын 2-февралынан тарта президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Субакожоева ага чейин Кыргызстандын бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтери менен Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

Үй-бүлөлүү, бир баланын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0