БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Данияр Сыдыков президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматты Айзада Субакожоева аркалап келген. Ал 26-февраль күнү Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган.
Сыдыков жаңы дайындоого чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеп келген.