Бирок кийинки мезгилде калпак өз ордун жоготуп бараткандай. Ага сырттан алып келинип жаткан синтетикалык калпактардын кенен жайылышы себепкер. Ушундай пикирди карманган депутаттар "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Экмат Байпакбаев жана "Бир Бол" фракциясынан Бакирдин Субанбеков Кыргызстанга калпакты киргизүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштап жатышат.
Ага ылайык:
— Ак калпакка маданий символ статусун берүү;
— Өлкө президенти, ЖК төрагасы, анын орун басарлары жана депутаттар, өкмөт башчы, анын мүчөлөрү жана Кыргызстандын атынан чет жакка расмий барган делегациянын мүчөлөрү ак калпак кийип жүрүүлөрү керек;
— Өлкө ичинде жана сыртында өткөрүлгөн спорттук мелдештерде, маданий иш-чара, конференция, семинарлардын расмий бөлүгүндө Кыргызстандын атынан барган катышуучулар ак калпакты кийүүгө милдеттүү болот;
— Ак калпакты таза жүндөн жасалган кийизден гана жасоо;
— Ак калпактын жасалышы, сатылышы бир гана өкмөт тарабынан аныкталат;
— Ак калпакты баш кийим катары гана кийүү;
— Ак калпакты мазактоого күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу каралган.
Бул мыйзам долбоору 15-февралдан баштап коомдук талкууга коюлду.
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов өкмөт тарабынан 2016-жылы 5-март "Ак калпак күнү жана улуттук кийимдер майрамы" катары белгилөө боюнча токтом кабыл алынганын жана сырттан келген сапатсыз калпактарга тыюу салуу керектигин билдирди.
"Калпакты кыргыз мырзалары сыймыктануу менен кийип, урматтоо менен мамиле жасоого тийиш. Андыктан калпактын беделин көтөрүшүбүз зарыл. Бул үчүн сырттан кирген синтетикалык сапаты начар калпактарга тыюу салынышын колдойм. Ошондой эле мыйзам ишке ашса, калпак кийгиси келбеген башка улут өкүлдөрүн кыргызстандыксың деп эле кийүүгө милденттендирбөө керек", — деди Икрамов.
Ал эми "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова синтетикалык 50-60 сомдук калпактар сырттан келбей эле, өзүбүздө даярдалып жатканын айтты.
"Илгери калпакты таза жүндөн жасалган кийизден даярдашчу. Кийин эле базар экономикасы менен бизнеске айланып кетти. Учурда базардагы кенен сатылып жаткан арзан калпактарды эл Кытайдан келет деп ойлойт. Ал тургай эл арасында "кытай калпак" атка конду. Бирок аны өзүбүздө эле тигип жатышат. Кытайдан ошол синтетикалык материалдар келет. Биздин калпак бизнесиндегилер аны эндей алып эле компьютерден маани-маңызсыз оймолорду түшүрүп, сатыкка чыгарууда. Жыйынтыгында калпак кыргыздын сыймыктуу баш кийими эмес, сувенир катары колдонуп калды", — деди ал.
"Кыргыз калпагы муундан-муунга" ишканасынын жетекчиси Клара Асангулова бул мыйзамды кабыл алуу учурдун талабы экенин айтты. Анын пикиринде, ата-бабаларыбыз эркек кишини калпагы аркылуу эле канча жашта экендигин, уруусун, ал тургай коомдогу статусун билип койгон.
"Калпак башка баш кийимдерден ден соолукка пайдалуулугу же кооздугу менен эле айырмаланган эмес. Кыргызда бул баш кийимди эркек кишинин гана кийүүсү да жөн жерден чыккан эмес. Анткени калпак ээси тууралуу маалымат берген. Мисалы жаш балдарга жашыл, көк кыюусу менен өтө бийик эмес калпак кийгизишкен. Кыюусу кара, өзү ак калпактар кырлары чыгып, эки четинде тилик болгон. Мындай ак-кара калпактар абройлуу адамдарга таандык болчу. Анын түсү жашоодо карасынан агы, жакшылыгы көп болсун деген маанини туюнтса, чыгып турган кырлары ак муз баскан мөңгүлөрдү, мырзаларды ошол тоолордой бийик болсун деген тилекти түшүндүргөн. Четиндеги тилимдеринин эки капталында же алды-артында жайгашуусу да теңчиликти билдирип турган. Калпакка түшүрүлгөн оймо ар бир уруунун эн белгиси эле", — деди Асангулова.
Ал эми бул мыйзамдын ишке ашышы үчүн мыйзам долбоору чийкилик кылат деген пикирин ЖКнын СДПК фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова билдирди.
Эске сала кетсек, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн сайттарына жарыяланды. Ал жерге каалаган ар бир жаран өз пикирин калтыра алат.