БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Муслим Евлоев күрөш боюнча Азия чемпионатын жеңип, чемпион аталды.
Ал финалдык беттеште монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен кармашып, 11:1 эсебинде жеңишти камсыздады.
Евлоев квалификациялык кармашта тажикстандык балбан Сорбон Абдулхаевди 11:0 эсебинде, чейрек финалда түркмөнстандык балбан Давлетмурат Оразгулужовду 12:2 эсебинде утуп, жарым финалда ирандык Мостафа Мохабалли Хоссейнханини 8:4 эсебинде жеңген болчу.
Белгилей кетсек, күрөш боюнча Азия чемпионатынын акыркы күнүндө коло байге үчүн кармашта Улукбек Жолдошбеков (61 кг.) ирандык балбан Иман Мохтар Садегхикуканде менен чыгып, 6:0 эсебинде жеңишке жетти.
Бишкекте 27-февралда башталган Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат.