Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым

© Фото / World WrestlingКадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов
Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын атын алыска тааныткан балбандардан уучубуз куру эмес. Бирок белгилүүлүк жагынан биринчи сапта Акжол Махмудов экендиги талашсыз. Ал эки күн мурда Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы алтын медаль тагынып, кыргыз элин чоң кубанычка бөлөдү.

Махмудов — кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону жана чоңдор арасында күмүш байге ээси.

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгү Акжол Махмудов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, Азия чемпионатындагы ийгилиги, спорттогу жолу, үй-бүлөсү жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековАзия чемпиону Акжол Махмудов: килем үстүндө эмнегедир калыстар мага тартып койгондой сезилди. Атаандашым Демеу Жадыраевди жамбашка чаап түшүргөндө беш упай беришти, негизи эки же төрт гана упай бериши керекболчу деп ойлойм
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпиону Акжол Махмудов: килем үстүндө эмнегедир калыстар мага тартып койгондой сезилди. Атаандашым Демеу Жадыраевди жамбашка чаап түшүргөндө беш упай беришти, негизи эки же төрт гана упай бериши керекболчу деп ойлойм

— Акжол, жеңиш кут болсун! Атаандаштарыңызды жеңүү үчүн алардын ыкмаларына карап, ар бирине өзүнчө даярдык көрсөңүз керек?

— Рахмат. Азия чемпионатына даярдык мыкты болду. Биринчи машыгууну Ысык-Көлдөгү "Аврора" эс алуу жайында өткөрдүк. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев балдарды абдан жакшы карады. Тамактануу, медицина, машыктыруу жагы жогору деңгээлде болду. Буга чейин мелдештерге даярданууда айрым көйгөйлөр болуп келген.

Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жылмайган Турганбаев, сүрөөнү күч ирандыктар. Азия чемпионатынын ачылышы сүрөттө
Ысык-Көлдөгү 15 күндүк машыгуудан кийин курама командадагы балдар Ирандагы эл аралык турнирге кетти. Жеке машыктыруучум Мейрамбек Ахметов "азырынча жашсың" деп жиберген жок. Анын үстүнө салмак да кошуп алыпмын, аны кууйм деп чарчап калмакмын. Балдар турнирден келип Казакстанга машыгууга жөнөп кетишти. Машыктыруучум экөөбүз Азат агайдан суранып борбордо эле даярданмай болдук. Азия чемпионатына он күн калганда курама команда Бишкектен эле машыгуу өткөрдүк.

Ошентип биз күткөн мелдеш да башталды. Мен килемге экинчи күнү чыкмакмын. Агайлар биринчи күнү бул жакка келип күрөштү көрбөй эле кой, спорт сарайындагы бөлмөдөн эле көз салып тур деди. Өзүм эмнегедир кармаштын аурасын сезгим келди. Болбой эле бардым. Жакын досум Жоламан Шаршенбековдун күрөшү абдан дем берди. Казак балбанын биринчи эле айлампада чоң упай менен жеңди. Эл дагы ыраазы болуп колдоп турду. Ошондо утпасам болбойт дедим. Залда салмак кууп жатканда, жадагалса уктап жатып дагы Жоламандын күрөшкөнүн эстей бердим. Жоламан мен үчүн — чемпион!

Экинчи күнү бизге чучукулак тартылып, мен алгач иорданиялык балбан менен чыктым. Атаандашым эки жума мурда Кыргызстанга келип машыгуу өтүп жүргөн. Экөөбүз спаррингде күрөшкөн болчубуз. Ошондо эле утуп алаарыма көзүм жеткен. Ойлогондой эле 12:2 эсебинде жеңишке жеттим. Чейрек финалда индиялык балбан менен кез келдим, аны мурда эле таанычумун, оңой эле жеңдим. Жарым финалда япониялык балбанга туш келдим. Ал абдан кыйын эле. 2016-жылкы Олимпиада оюндарында бешинчи орунду алган. Агайларым кандай чабуулга өтсөм туура болорун түшүндүрдү. Ичимен 3-4 упай жогору болсом, акырына чейин коргонууга өтөм дедим. Бирок аны деле 7:0 эсебинде утуп алдым.

Финалга даярданып жатканда Канат Бегалиев келип дем күч берген сөздөрдү аябай айтты. "Чет мамлекетте күрөшкөн башка. Сен өз үйүңдө намыс талашканы турасың. Ушул жерден утушуң керек!" деди. Аны угуп алып ызаланып, ыйлагым келди. Ошентип чечүүчү беттеш дагы башталды. Казакстандык атаандашым былтыр чоңдор арасындагы дүйнө биринчилигинде күмүш тагынса, мен жаштар арасында экинчи болгом. Буга чейин экөөбүздү салыштырып, мени "атаандашы менен салыштырып болбойт, Акжол жаш" деп айткандар болду. Ошого сынгандай болдум. Кайра ичимен ал деле мендей эле балбан да, утушум керек деп өзүмө максат койдум.

Килем үстүндө эмнегедир калыстар мага тартып койгондой сезилди. Мен атаандашым Демеу Жадыраевди жамбашка чаап түшүргөндө беш упай беришти, негизи эки же төрт гана упай бериши керек деп ойлойм. Видеону кайра-кайра көрдүм. Көкүрөгүмдө талашсыз жеңиш болду деген сезим жок. Калыстар элдин эмоциясына ээ боло албай көбүрөөк упай берип койгондой болуп калды. Бирок калыстар мага эки упай берген учурда деле баары бир кубалап жетип, биринчиликти алмакмын.

Акыркы көтөрүп чапкандарым жакшы упай алып берип, Азия чемпиону аталдым. Биз килемге баратканда Азат агай желек албай эле чыкты. Эмне үчүн билбейм. Алып албайлыбы деп айткым келди, бирок тартындым. Жеңишке жеткенде желек бергиле деп кыйкырайын деп атсам, туугандарымдын бири өзүнүн желегин көтөрүп чуркап келди.

Үйгө барсам карындашым дасторкон жазып тосуп алды. Туугандар менен чогуу отуруп тамактандык. Башка эч жакка чыгып майрамдаган деле жокмун.

— Бир чоң жүктү алып салгандай болдуңузбу?

— Чынын айтсам, андай деле болгон жок. Агайларым "сөзсүз утушум керек деп өзүңө милдет койбо, килемге чык дагы болгонун көрсөт" дешкен. Азия чемпионаты өзүбүздүн үйдө болгон үчүн эл мени утушу керек деп ойлоду. Мага азыр эң маанилүүсү дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынуу. Эгерде Индонезияда өтө турчу Азия оюндарына олимпиадалык эмес салмактар кошулуп калса, буюрса, катышам.

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаБалбан Акжол Махмудов кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону аталган
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Балбан Акжол Махмудов кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону аталган

— Эгерде азыркы салмакка дагы беш килограмм кошуп олимпиадалык салмакка, башкача айтканда, 77 килограммда күч сынашсаңыз болбойбу?

— Быйыл ушундай план бар болчу. Бирок КРдин кубогу үчүн мелдеште салмак кошо албай койдум. Финляндиянын Тампере шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин финалында утулуп калып, депрессияда жүрдүм. Бишкекке келгенде жаракатымдын айынан бир ай дарылангам. Ошол мени аябай артка тартып койду. Айрым балдар утулуп калса, мурдагыдан да көп машыга баштайт экен. Мен, тескерисинче, чемпион болгондо гана алдыга максат коем.

Буюрса Олимпиада оюндарында 77 килограммда салмакта күрөшөм деген оюм бар. Бул салмакта атаандаштык күч. Оюнга лицензия бере турчу оюндар 2019-жылдан тарта башталат.

— Жөндөм, талант, эмгек, каражат. Ийгиликти багындыруу үчүн кайсынысы маанилүү?

— Эң биринчи кезекте эмгек. Андан кийин сөзсүз каражат болушу керек. Тамактануу, витамин дегендер жакшы болбосо машыгуудан майнап чыкпайт.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАкжол Махмудов президент Сооронбай Жээнбеков менен
Торжественная встреча Сооронбая Жээнбекова со спортсменами, показавшими лучшие спортивные результаты в 2017 году - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов президент Сооронбай Жээнбеков менен

— Көтөрүп чапкан ыкмаларыңыз талантка кирбейби?

— Өзүмдү таланттуумун деп эсептебейм. Менде шамдагайлык жана жайдары бир мүнөз бар. Көп нерсени жүрөккө жакын албайм. Өзүм менен өзүм жүрө берем. Эч кимге деле тоскоол болбойм. Бардыгына бирдей мамиле жасайм.

Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча КР командасы Азия чемпионатында алгачкы жолу биринчи болду
Машыгууда элдер бир ыкманы жасаса, мен ар кандай ыкмаларды ойлоп табам. Күтүлбөгөн чабуулдарды үйрөнүүгө басым жасайм. Маселен көтөрүп чапкан ыкмаларга көнүш үчүн күнүнө 400-500 жолудан жасайм.

Машыгуу учурунда спарринг өнөктөштөрүм анча болбой жүрөт. Атаандашуу бар жерде өсүү болот деп ойлойм. Былтыр КРдин кубогунан кийин мага тең балдар азайып кетти. Айрымдар такыр эле машыгуусун таштап салды. Анткени ким Азия чемпионатына катыша турганы белгилүү болду да.

— Жылдыз оорусуна кабылып калган учурлар болобу?

— Кудай сактасын! Адамдагы эң жаман сапат өзүн асманга теңөө деп эсептейм.

— Грек-рим күрөшүн эмне себептен тандап алгансыз?

— Атам спортко болгон жөндөмүмдү байкап 1-классымда спорт залга алып барган. Машыктыруучуларым абдан көп. Биринчи жолу Айбек деген байке машыктырган. Кийин ал армияга кеткенде Акбаралы агайдын колуна өттүм. Бишкекке келгенде Жеңиш Сатыбалдиевде тарбияландым. Бирок шартка байланыштуу кайра Ошко кетип калдым. Мен окуган мектептин жанында кыргыз күрөшү боюнча чакан спорт зал бар эле. Ал жакта агайлар деле жок болчу. Бир жыл өз алдымча машыгып жүрдүм. 8-класста Шералы Сыдыков атындагы спорт мектепке тапшырып, Мейрамбек Ахметовдун колунда тарбияланып келем. Ушул агайдын окуучусу болгонума кубанам. Башка адамда болсом, мынчалык бийиктиктерге жетпейт болчумун деп ойлойм.

— Кантип анан "Акула" болуп калдыңыз?

— Ушул тууралуу сурагандар көп. Буга чейин кенен түшүндүрмө бере элек болчумун. 2012-жылы россиялык балбан Аслан Зубаиров топ жарып чыккан учур эле. Бир жолу Instagram баракчасына кирсем, каймана аты "Акула" деп жазылып туруптур. Анан кумиримди туурап, мен дагы өзүмө "акула" деген ат коюп алдым. Кийин ал балбан жакшы жыйынтык көрсөтө албай калды. Мурда мени Акжол деп эле айтышса, эми көбү "Акула" дейт.

Азыр өзбекстандык балбан Элмурат Тасмурадовду аябай жактырам. Анын атасы казак, энеси кыргыз. Мен мурдагы күнү Азия чемпиону болгондо кийине турчу бөлмөгө келип куттуктап кетти. Абдан ыраазы болуп калдым. Ал балбан атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утат. 

© пресс-служба ГАМФКиСМахмудов: буюрса Олимпиада оюндарында 77 килограмм салмакта күрөшөм деген оюм бар. Бул салмакта атаандаштык күч
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Махмудов: буюрса Олимпиада оюндарында 77 килограмм салмакта күрөшөм деген оюм бар. Бул салмакта атаандаштык күч

— Сөз соңунда үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында күмүш медаль женген Канатбек Бегалиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: жылдыз оорусуна кабылып, спортту унутуп койгонума өкүнөм
— Атамдын өз аты — Махамаджан. Кийин Мухаммед деп которулган. Базарда соода-сатык менен алектенет. Беш бир туугандын үчүнчүсүмүн, эки байкем жана эки карындашым бар. Эки агам да спортчу. Эсимде, 8-класс кезимде Бексултан байкем дүйнө чемпионатында коло медаль алганда, балдардын баары ошондой болгусу келчү. Мага да байкем көп таасир берди. Кийинки агам Сыймык да жакшы жыйынтыктарга жетишип келе жатат. Үйдүн жоопкерчиликтүүсү ошол. Карындаштарым Зулфия 8-класста, Бегимай 5-класста окуйт. Алтын кыздар! Залдан чарчап келгенде сумкам кире бериште калат. Кийимдеримди жууп, кургатып кайра ордуна салып коюшат. Көбүнчө салмак куугандан кыйналам. Үйгө барсам сонун тамактарды жасап койгон болушат. Апам кичүү карындашым төрөлгөндөн бери жок. Бул тууралуу кеп кылгым келбейт.

— Бир жолу өмүр баяныңызды толтуруп жатканда кайсы мектепте окуганыңызды сурасам, "кайсы бирин айтайын, 4-5 жерде билим алгам" дегенсиз. Мурда тентек белеңиз?

— Жашоо шартка байланыштуу Ош менен Бишкектин ортосунда жүрдүк. Тентек деле эмес болчумун. Сабакты начар окусам да, мугалимдердин айткандарын так аткарганга аракет кылчумун. Азия чемпиону болгондо мугалимдердин баары куттукташты. Ар кайсы жерде окусам да бардыгын жазбай тааныйм.

Жаңылыктар түрмөгү
0