БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы көк кабаттуу үйлөрдүн жанындагы кудуктан 40-45 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Куткаруучулар "Чыгыш-5" кичи районундагы кудуктан азиат тегиндеги 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин да Араван районунун Төбө-Коргон айыл аймагына караган Уйгур-Абад айылында төрт жаштагы бала кудукка түшүп кетип чарчап калган.