Бүгүн, 28-февралда, грек-рим күрөшү боюнча медалдын беш комплектиси ойнотулат. Анда өлкө атынан Каныбек Жолчубеков (60 кг), Роман Царев (67 кг), Акжол Махмудов (72 кг), Атабек Азисбеков (82 кг) жана Үзүр Жузупбеков (97 кг) күч сынашат.
Азия чемпионаты 27-февралда башталган, эми 4-мартта жыйынтыкталат. Анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштүн түрлөрү боюнча медалдын 30 комплектиси ойнотулат. Учурда чемпионатка 21 мамлекеттин спортчулары катышууда.