Ачуусу менен Калиевди кызматтан алып, соттош керек дегендер дагы чыккан. Бүгүн үй жылуу, абал тынч, атайын комиссия ишин аяктады.
Мындан улам Айбек Калиев Sputnik Кыргызстан агенттигине баш багып, ал күндөрү өзүн канчалык күнөөлүү сезгендигин айтып, ардагер энергетиктердин сын пикирлерине жооп кайтарды.
— Айбек мырза, Бишкек ТЭЦиндеги авариядан бери бир ай убакыт өттү. Комиссия иликтөөсүн аяктадыбы?
— Аварияны иликтеп чыгуу үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия өткөн аптада иштеп бүтүп, бардык маалыматтарды, сунуштамаларын өкмөткө жөнөттү. Эми өкмөттүн жыйынтыктоочу чечимин күтүп жатабыз.
— Ал авариядан кийин бир эле ТЭЦти карап отура бербей, шаардын айрым аймактарына чакан буу казандарды курса болбойбу деген суроо пайда болду…
— Бишкектеги ТЭЦ-2ни ишке киргизүү пландары барбы?
— Тилекке каршы, ТЭЦ-2нин бүгүнкү күндө келечеги жок. Себеп дегенде 2005-жылдары анын тегерегин эл мыйзамсыз түрдө басып алган. Азыр жаңы конушка айланып кетти. Ошол маселе чечилмейинче ТЭЦти иштетүү мүмкүн эмес.
— Айрым адистер Кыргызстандагы энергетика көйгөйүн чечүү үчүн Камбар-Ата ГЭСин куруу жетиштүү деп айтып жатышат. Бул ГЭС менен Жогорку Нарын каскадын курууга инвесторлор изделип жатабы?
— Инвесторлорду издеп, сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бирок азыр келем деген инвестор чыга элек. Анткени бизде электр энергиясына тариф өтө арзан. Ушул жол менен кете берсек, келечекте энергетика системасын жоготуп алабыз. Ал эми инвестиция сала турган ири ишкерлер өздөрү пайда көрө турган гана жерге келишет.
— Ири ГЭСке акча табылбай жатса, чакан гидроэлектростанцияларды курууга мүмкүнчүлүк барбы?
— Кыргызстан сууга бай болгондуктан, чакан жана орто ГЭСтерди каалаганча курса болот. Болгону алар бизге пайдасы аз. Анткени кичи ГЭСтерден чыккан электр энергиясынын өздүк наркы кымбатыраак болот. Бизде аларды сатып алганга мүмкүнчүлүк жок.
— Ысык-Көл облусунда жеке ишкерлер Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунан каражат алып "Көк-Сай" жана "Коңур-Өлөң" кичи гидроэлектростанцияларын курдуруп жаткан. Ээлик кылган ишкерлер эки долбоорго биригип, 730 миллион сом сарптаганын айтышкан. А сиз чакан ГЭСтерден электр энергиясын ала албайбыз деп жатасыз? Эми алар эмне болот?
— Макул анда, чакан ГЭСтерди жайына кое туралы. Өзбекстан менен ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр болгону жатты эле. Негизи эле коомдо Өзбекстандын макулдугу жок ГЭС кура албайбыз деген кеп тараган…
— Өзбекстандын макулдугусуз ГЭС кура албай калабыз деген туура эмес. Бул элде маалыматтын жоктугу. Болсо дагы азыр авиацияны деле, медицинаны деле, энергетиканы деле бирдей "билген" серепчилерибиз аркылуу жетип жаткан туура эмес түшүнүктөр. Биз эч кимден сурабай эле ГЭС кура алабыз, болгону финансылык мүмкүнчүлүк жок. Анткени бул миллион эмес, миллиарддаган доллар турган долбоор. Өзбекстан менен бирге ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бирок алар канча пайызын алат, биз канчасын алабыз деп быча элекпиз. Бул өтө чоң долбоор болгондуктан, кыргыз-өзбек гана эмес, 4-5 тараптуу болуп калышы мүмкүн. Дегеним ГЭСке 3-4 миллиард доллар каражат кетет.
— "РусГидро" компаниясы менен байланышкан 37 миллион доллар боюнча маселе эмне болуп жатат? Аны төлөө же төлөбөө тууралуу эл аралык аудит чечет дедиңиз эле. Текшерүүчүлөр келдиби?
— Жок, аудит келе элек. Менин маалыматым боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүлүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал жерде башка дагы маселелер бар. Жакын арада чечилип калса, эки тарап бирдиктүү аудит жүргүзүп, жыйынтыгы менен 37 миллион доллардын тагдыры чечилет.
— Жакында эле энергетика тармагы боюнча жаздым эле. Адистердин көбү жашы 70тен өтүп калган адамдар экен. Мындан улам Кыргызстанда жаш энергетиктер жокпу деген ой пайда болот экен. Экинчиден, ал адистер дагы учурда иш билги жаштардын жоктугунан тармак аксап жатат деген ойлорун айтышты.
— Жаштар демекчи, чет өлкөлөргө чыгып калганда Кыргызстандан барган делегацияда жаштар көп экени байкалат. Башка өлкөлөрдүн уулу муундагы өкмөт мүчөлөрү жашсынтып койгон учурлар болбойбу?
— Кыргызда улууга урмат көрсөтүп, алдынан кыя өтпөгөн жакшы сапат бар. Аны кайсы жерде болбосун карманабыз. Бирок азыркы жаштардын бир артыкчылыгын айта кетейин. Илимий-техникалык өнүгүүнүн артында калбайлы деп жанталашып билим алып, заман менен кадамдаш болууга умтулуп атабыз. Ошондуктан кайсы өлкөдө, кандай гана адам болбосун тең ата сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк жетет.
— ТЭЦтеги окуядан кийин сиз кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны өкмөт башчы кабыл алган эмес. Ошол учурда өзүңүздү канчалык күнөөлүү сездиңиз?
Бир эле мисал келтирсек, энертегика тармагында кардарга карата, орусча айтканда "куда вы денитесь? деген мамиле жедеп калыптанып бүткөн. Биз ошол нерсени жок кылууга аракет кылып жатабыз. Анткени, азыр заман башка, ар бир кардардын ыңгайына карап иш кылышыбыз керек.
— Жакынкы күндөрү Бишкектин түнкү клубдарынын бирине концерт бергени келген чет элдик ди-джей кызды сахнага жарым жылаңач чыгат экен деп камакка алышты. Мындан улам коомчулукта ТЭЦтеги авария үчүн эч ким камалбай, төшүн көрсөтүп койгон кыз камалабы деп наазары болгондор чыгышты. Атуул катары буга пикириңиз кандай?
— Көп нерсени өзүбүз көбүртүп-жабыртып жатабыз. Ди-джей кыздын камалышы боюнча бир гана пикирим бар. Көргүсү келбегендер барбай эле койсо болмок, аларды эч ким кыйнабайт болчу.