БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. "Ретро-Метро" түнкү клубунун жанындагы эс алуу борборунан чыккан өрт чектелди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
“Өрттүн мизи саат 22.57де кайтарылды. Жеринде беш өрт өчүрүүчү унаа жана ӨКМ куткаруучулары иштеп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кырсык тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына жума күнү саат 21.27де түшкөн. Алгачкы маалыматта имараттын чатыры күйүп жатканы айтылган.