Бишкектин чок ортосунда үч маршрутка кагышып, анын кесепетинен жети адам жабыркады. Алардын үчөө балдар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Окуя 22-февраль күнү күндүз Абдрахманов, Лев Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. №100, 145 жана 133 маршруткалар кагышкан.
"Бардык унаалар түндүктү көздөй бара жаткан. Алар аралыкты сактабагандыгы үчүн бири-бири менен кагышкан. Жаркат алган төрт киши менен үч бала ооруканага жеткирилди", — деп милициядан билдиришти.
Үч микроавтобус айып короого токтотулуп, айдоочулар мас абалында болгон же болбогонун экспертиза текшерүүдө.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.