00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ачыткынын азабы менен уюткунун убалы кимге? Көрөңгө тууралуу ой-толгоо

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын көрөңгөсү дейбиз, же болбосо сөздүн кору, элдин уюткусу деп калабыз... Колумнист Шаакан Токтогул бул сөздөрдүн төркүнүн түгөлдөп көрдү.

Кыргызда ачыткы, көрөңгө, уютку, кор деген түшүнүктөр бар. Замандын агымы менен бул сөздөргө жаңы маани киргизилип, көп маанилүү сөздөргө айланды. Ар бири ар башка аталганы менен өзөгүндө аткарган жумушу бир бул түшүнүктөрдүн ар бирине өз-өзүнчө токтолуп көрөлү.

Ачыткы

Международный фестиваль Тил жана маданият - Sputnik Кыргызстан
Аягынан бүктөбөйт, тебелебейт. Жууркан-төшөккө карата 8 "болбойт"
Байыркы кыргыз коомунда ундан камыр жууруп, ачыткы кошуп ачытып, нан бышырганын билебиз. Бул процесс эч кандай зыяндуу кошулмаларсыз табигый нукта жүргөнү да талашсыз. Ал эми ачыткынын өзү кандай болгон? Ачыган айранга ун кошуп чалып отуруп камыртурушту даярдашчу. Камыртуруш азыркы ачыткынын (дрожь) да, көптүргүчтүн (рызрыхлитель) да ролун бирдей аткарчу. Өз кезинде даяр болгон ачыткы менен камыр жууруп, камыр көөп даяр болгон кезде астынан кийинкиге муштумдай камыр туруш алып коюшчу. Эң негизгиси табигый таза жана жанга жагымдуу, бойго кубаттуу нан жасалчу. Ал эми азыркы ачыткылардын аң-сезимге, эс-тутумга терс таасир тийгизери илимий далилденген.

Көрөңгө

Кымыздын ачыткысы көрөңгө деп аталып, ал мурунку жакшы бышылган накта кымыздан калтырылат. Үстүнө жаңы куюлган сүттүн бышып кымыз болуусун шарттайт. Кымыздын күчүн өзүндө сактап аны ташуучу милдетти аткаргандыктан, кыргыздын салттуу билимдерин, кеп казынасын, нарк-санатын алып жүргөн кишилерди кыргыздын көрөңгөсү дешет. Көрөңгөсү таза деген кеп бар. Бул өсүп-өнгөн жери мыкты, ата-теги элге кызмат кылган ак сөөктөр, үй-бүлөсү үлгүлүү болгон адамга карата айтылган.

Уютку

Права женщин в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Карындагы бала жан багарбы же эл багарбы? Талгактын таржымалы
Уютку — сүттөн айран жасаган кичинекей өлчөмдөгү айран. Айран ачуу болуп же бөлтөк-бөлтөк болуп калса уюткусу жакшы эмес экен дейбиз. Көбүнчө коюу сүттөн (топоздун же койдун сүтүнөн) уютулган айрандардан уютку алганга аракет кылышат. Айрандын каймактай жагымдуу болгонун ким каалабасын. Ушул түшүнүктөн улам кыргыздын касиетин карманып, нарк-нускасы менен жашап, башканы да үндөгөн, артынан ээрчиткен адамдарды кыргыздын уюткусу дешет.

Кор

Бозону даярдоодо да угуттан сырткары жакшы бозодон алынган аз өлчөмдөгү кор колдонулат. Бозо жакшы ачып, жагымдуу суусун болсо "кору жакшы экен" дешет. Сөздүн кору, кендин кору, казынанын кору деген түшүнүктөр түбүндөгү накта өлчөмүн түшүндүрүп, бозонун корунун жаңы маанисин берет.

Тизгин жыяр

Вторые всемирные игры кочевников на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Көлөкө жерге бакканбыз!.. Кыз узатууда эмнелерди эске алуу керек
Сырттан келген азыктардын жасалма ачыткылардын орду турмушубузда өтө кеңири. Аларды кошуп нан жасайбыз, бозого салабыз… Жада кылса кымызды көрөңгөсү жок эле даярдап берген порошоктор да бар. Оңой оокат болгону менен опурталы күч экенин эске алсак, тамак-ашта табигый ачыткы, таза көрөңгөнү колдонсок, балким көп кырсыктардан оолак болоорбуз… Ааламдашуу араанын ачып туш тараптан саясий, диний, азык-түлүк экспансиялары чабуул коюп жаткан учурда адамдын аң-сезиминде да күрөш жүрүп, ар кайсы багытка баш багып, ар кайсы окуунун өзөгүнө кирип жатабыз. Ушул агым менен кетсек уюткусу начар, көрөңгөсү зыян, кору жок, жасалма ачыткыга жалганып улуттук өзөктөн, кыргыз дүйнө таанымынан, байыркы башаттан уланган баалуу билимдерден кур калбасак болду… Кыргыздын уюткусу уланып, көрөңгөсү көөнөрбөй, кору түгөнбөй улансын деген изги тилек менен жашайбыз…

Жаңылыктар түрмөгү
0