Жууркан-төшөктү колдонууда, салганда, жыйнаганда кандай эрежелерди эске алуу керек? Sputnik Кыргызстан агенттиги этнопедагог Абдыкерим Муратов жана Ат-Башы районунун тургуну Айымбүбү Кожониязовадан сураштырып көрдү.
Ата-эненин төшөгүн тебелебейт. Балдары ата-энесинин төшөгүн тебелеп-тепсегени тарбиясыздыктын белгиси. Келин-кесек да кайнене-кайнатасына төшөк салып жатканда аны тебелеп же аттаса уят болот. Ошондой эле жаздыкты да тебелеген же ага отурган туура эмес.
Сырт кийимчен жатпайт. Шейшеп салынган төшөккө сырт кийим менен, тагыраагы, бүкүлү жатуу адамдын өзүнө деле ыңгайсыз. Чечинип уктасаң, жакшы да эс аласың.
Төшөктү эптеп салбайт. Үйгө мейман келсе башын жалпак, төшөгүн жука, шейшеби жок же кир шейшепти салып берсе, конокту сыйлабастык болуп саналат. Андыктан мейманга биринчи кезекте алдын калың, башын бийик кылып төшөк салып берүү кажет.
Төшөктү кыйшайтып, иретсиз жыйбайт. "Төшөктү кандай жыйса, күйөөсү ошондой болот" деп селки бой жеткенде энеси-жеңелери ага төшөктү тыкыйтып жыйганды да сөзсүз үйрөтүшкөн.
Жыйнабай калтырбайт. Тураарың менен төшөктү бала-бакыра тебелеп-тепсей электе жыйып салган жакшы. Ал эми төшөк керебетте же диванда болсо сөзсүз анын үстүн жабуу зарыл.
Жөн жай төшөк салбайт. Эл ичинде адам жатпай салынып турган төшөктүн тилеги жаман деген ишеним болгондуктан жөнү жок төшөк салынган эмес.
Каада-салттан, турмуштук эрежелерден оолак калбоо үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Болбойт" рубрикасы менен кенен таанышыңыз>>