Латыш келин Анастасия балалуу келиндерге англис тилин акысыз үйрөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЛатвиялык Анастасия Озерская. Архив
Латвиялык Анастасия Озерская. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тил үйрөтүү курсу март айынан башталат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Латыш келин Анастасия Озерская жаш балалуу келиндер үчүн акысыз англис тилин үйрөтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өзү билдирди.

Анын айтымында, тил үйрөтүү курсу март айынан башталат, азырынча каттоо иштери жүрүүдө.

Латыш келин Анастасия Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы кайын журтунда уй саап жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан
Латыш келин Анастасия: Ат-Башыга барып уй саап, нан жапканды үйрөндүм
"Өзүм балалуу болгондон кийин жаш энелердин түйшүгүн, жашоосун баштан өткөрө баштадым. Көрсө, келиндер эне болгондо колу-буту балага байланып эч жакка чыга албай калат экен. Бир гана бала карап отура бербестен өзүңдү да өнүктүрүш керек. Мындан улам жолдошум экөөбүз жаш келиндер үчүн атайын клуб түзүүнү ойлондук. Ал жактан келиндер тил үйрөнүп эле тим болбостон, балдарын ойноткончо өз ара пикир алышып чер жазып, ар кыл темада сүйлөшө алышат", — деди Озерская.

Учурда жаш үй-бүлө келиндер клубун ачууга камынып жаткан чагы. Андыктан ал жардам көрсөтүп, идеяны колдой турчуларга эшиги ачык экенин кошумчалап кетти.

Акысыз курска жазылам деген келиндер 0707 85 42 24 телефон номери аркылуу байланышка чыга алышат.

Эске салсак латыш келин Анастасия эки жыл мурун кыргыздын мырзасы Уларбек Бакырдиновго турмушка чыгып, Ат-Башыга бүлө болгон. Жубайлар кыздуу болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0