Орозова Карамат Бабашевна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат от фракции СДПК Карамат Орозова
Депутат от фракции СДПК Карамат Орозова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карамат Орозова 1958-жылы 16-апрелде Ош облусунун Баткен районунун Баткен айылында төрөлгөн.

Билими:

1979 — Ош мамлекеттик институтун аяктап, физика жана математика боюнча адистикке ээ болгон;

1989 — Алматыдагы партиялык жогорку окуу жайында окуган.

Эмгек жолу:

1979 — Баткен айылындагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим;

1980-1985 — Баткен райондук комсомол комитетинин үчүнчү, кийин биринчи катчысы болгон;

1985-1987 — Баткен районунун Советтик Кыргызстан совхозунун партиялык комитетинин катчысы;

1987-1989 — Алматыдагы жогорку партиялык окуу жайынын угуучусу;

1989-1991 — Баткен райком партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

1991-1995 — Советтик Кыргызстан совхозунун идеологиялык маселелер боюнча директорунун орун басары;

1995-1999 — Баткен районундагы "Теремок" бала бакчасынын башчысы;

1999-2000 — Баткен районунун маданият бөлүмүнүн башчысы;

2001-2010 — "Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюмунун Баткен облусундагы аймактык өкүлү;

2010 — КР Жогорку Кеңештин IV чакырылышында КСДП партиясынан депутат;

2010 — Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу;

2010 — Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу;

2011 — Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары;

2013-2015 — КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышында КСДП партиясынан депутат;

2015 — КР Жогорку Кеңештин VI чакырылышында КСДП партиясынан депутат;

Сыйлыктары:

Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргызстан ЛКЖС БКнын (эки жолу) грамотасы;

2011 — Жогорку Кеңештин Ардак Грамотасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги;

Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо отличниги жана Кыргыз республикасынын "Даңк" медалынын ээси.

Мамлекеттик кызматтын 3-кластагы кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0