00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
10:08
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын мектептеринде балдар жана ата-энелер үчүн туура тамактануу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Элди түйшүккө салган сел кырсыктары: кесепеттерди жоюу жана кенемте маселеси кандай болуп жатат?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Соттук иш бүтсө энеси депкир менен сабаган баланы башкалар багып алышы мүмкүн

Жазылуу
Учурда комада жаткан бала шаардык соттун токтомунун негизинде Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү

ОШ, 9-фев. — Sputnik. Ош шаарында баласын депкир менен сабаган аялдын күнөөсү далилденсе ал энелик укуктан ажыратылат. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн.

Токобаеванын айтымында, баланын энеси шектүү катары кармалгандыгына байланыштуу Ош шаардык соту баланы социалдык өнүгүү башкармалыгынын карамагына өткөрүү токтомун чыгарган.

"Кызматкерлер баланын абалынан күн сайын кабардар болуп турушат. Ага кан керек болгондуктан жети кызматкер облустук ооруканага кан тапшырып келишти. Биз баласын депкир менен сабаган эненин турмуш-шарты, жакындарын иликтеп көрдүк. Ал келиндин өз атасы Кара-Кулжа районунда жашагандыгы белгилүү болду. Атасы кызы тууралуу 2014-жылдан бери эч кандай маалыматы жок экендигин билдирди. Себеби камакка алынган келиндин атасы менен апасы ажырашып кеткендиктен, ал 2014-жылы үйдөн чыгып кеткен боюнча атасы менен кабарлашкан эмес. Келиндин бир тууган эжеси Казакстанда, ал эми сиңдиси Москвада иштей тургандыгы аныкталды", — деди Токобаева.

Ал комада жаткан баланы таятасы асырап алуудан баш тарткандыгын кошумчалады.

Случаи насилия над женщинами - Sputnik Кыргызстан
Жайыл: күйөөсү уруп, бычактаган 39 жаштагы аял көз жумду. Окуянын чоо-жайы
"Ал эми баланын өз атасы тууралуу да иликтеп жатабыз. Азырынча эч кандай маалымат жок. Келин тергөөдө Өзгөн райондук төрөт үйүндө көз жарганын айткан. Бирок маалымат тастыкталган жок. Биз келиндин бир тууган эжеси жана сиңдиси менен байланышууга аракет кылып жатабыз. Эгерде алар макул болсо бала ошолордун карамагына өткөрүлөт. Эгерде алар да балдардан баш тартып, ал эми келиндин күнөөсү далилденсе, анда башкармалык шаардык сотко келинди энелик укуктан ажыратуу боюнча кайрылуу жолдойт. Шаардык соттун чечиминин негизинде баланы 6 айлык мөөнөт менен калаадагы балдарды реабилитациялоо борборуна жайгаштырабыз", — деди Токобаева.

Анын билдиришинче, аталган борборго жайгаштырылган балдар төрт жашка чейин гана кармалат.

"Андан соң баланы асырап алууну каалаган толук кандуу үй-бүлөгө же балдар борборлоруна жайгаштырууга болот. Комадагы баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да жок болуп чыкты. Апасынын да паспорту жок экен", — деди башкармалыктын жетекчиси.

Кулак мужчины - Sputnik Кыргызстан
Сузакта мугалим аялды уруп өлтүрүүгө шектелген айылдашы колго түшүрүлдү
Белгилей кетсек, шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, ага карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шаардык соттун чемими менен шектүү эне 4-апрелге чейин камакка алынган. Маалыматтарга ылайык, эне ажырашып кеткендиктен баласын жалгыз тарбиялап келген.

Ушу тапта баланын абалы начарлап жатканын Ош облустар аралык балдардын бириккен ооруканасынын Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Абдразак Камилов айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0