БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөнүндө күн сууктап, абанын температурасы —3…-8 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында —2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыса, Ысык-Көлдө 0…-5, Нарын аймагында —10…-15 градус суук болот.
Бишкек шаарында бир аз кар жаап, сууктун күчү 8 градуска чейин жетсе, Ошто 2 градус жылуу болот.