Ызгаар уруп, чилде чыкылдайт! Жакынкы күндөрү суук 45 градуска жетери айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Алдыңкы төрт күндө суук улам ашынып, кээ бир аймактарды туман каптап, кар себелейт. Кээ бир тоолуу аймактарда абанын температурасы 45 градуска чейин төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Эртең, 26-январда, күн дагы сууктап, республиканын бир катар аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн —15…-20, күндүз —10…-15 градус суук болот. Чүй облусунун түндүгүндө абанын температурасы дагы 5 градуска түшөрү айтылды. Аяз түнкүсүн —20…-25, күндүз —12…-17 градуска жетет.

Работа сотрудников столичной Патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Милиция ызгаардан улам элге кайрылды
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —13…-18, күндүз —1…-6 суук ичиркентет. Көл кылаасынын тоо этектеринде сууктун күчү түнкүсүн —18…-23, күндүз —11…-16га жетет.

Нарындын дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —25…-30, күндүз —15…-20 суук болсо, бийик тоолуу райондордо чилде андан ары чыкылдап, түн ичинде —30…-35, күндүз —22…-27 градусту көрсөтөт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн —30…-35, күндүз —20…-25 градус суук болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн —5…-10 суук, күндүз 0…+5ка жылыйт. Туман түшүүсү күтүлөт.

Синоптиктер батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетерин билдиришти.

27-29-январда, бүрсүгүнү жана аны аркы күнү күн мындан да сууктап, ызгаардын күчү тоолуу аймактарда — 45 градуска жетери айтылды.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн —20…-25, күндүз —12…-17 градус суук болору катталды. Чүй облусунун түндүгүндө түн ичинде —25…-30°, күндүз —14…-19° суук болот.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —17…-22°, күндүз —4…-9° суук, тоо этектеринде түнкүсүн —23…-28°, күндүз —13…-18 градусту чапчыйт.

Муз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Катуу сууктан улам Ысык-Көл тоңо баштадыбы? Видео
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —30…-35°, күндүз —17…-22 градуска жетет. Ал эми бийик тоолуу райондордо түн ичинде —34…-39°, күндүз —24…-29 градус суук болот. Суусамыр өрөөнүндө күндүз —28…-33, ал эми түнкүсүн —40…-45 градусту чапчышы күтүлүүдө.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө да суук өз өкүмүн жүргүзүп, түнкүсүн —11…-16, күндүз —2…-7 градуска жетет.

Синопиктер 30-январда өлкөнүн бир катар аймактарында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаай турганын билдирди. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык боло турганы айтылды.

Адаттан тышкары болгон мындай суук кыштоолордо мал-жанды кармоону кыйындатат. Автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин бир топ оорлотот. Абанын температурасынын абдан төмөндөшү жана кардын аз болушу күздүк себилген кылкандуу дан эгиндерине коркунучтуу. Аны менен катар эле жемиш бактарын тоңдуруп кетиши мүмкүн.

31-январда жана 1-февралда кардын жаашы күтүлбөйт, абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турары кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0