Кычыраган мушкерлер, көйкөлгөн балбан кыздар. Sports Awards кандай өттү

Жазылуу
Быйыл Sports Awards иш-чарасы төртүнчү ирет өтүп жатат

Кечээ борбордогу улуттук филармонияда ата мекендик спортчуларды сыйлаган Sports and Youth Awards — 2017 салтанаты болуп өттү.

Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким? - Sputnik Кыргызстан
Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
Саамалык Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Мурат Саралиновдун урматына арналып, аны аталган комитет, Topsport.kg сайты жана Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштурду.

Анда 2017-жылы спорттун бир нече түрү боюнча ийгилик жараткан спортчулар мыкты деп табылды. Ошондой эле спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча ийгилик жараткан эки спортчуга Мурат Саралинов атындагы акчалай сыйлык тапшырылды.

Белгилей кетсек, иш-чара төртүнчү ирет өтүп жатат. Буга чейин Topsport.kg сайтынын жамааты өткөрүп келсе, быйыл Олимпиада комитети жана Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан колдоого алынды.

Ошондой эле иш-чара үч жылдан бери Sports Awards аталышында өтүп келсе, быйыл сыйлыктын программасына жаштар саясаты тармагындагы номинациялар кошулгандыктан Sports and Youth Awards деп өзгөртүлдү.

Sports and Youth Awards — 2017 сыйлыгына татыгандар:

Улуттук спорт

"Мыкты спортчу" — Эсен Кудайбердиев (алыш күрөшү);

"Мыкты спортчу айым" — Алтынай Мамарасул кызы (алыш күрөшү);

"Мыкты машыктыруучу" — Азамат Осмонбеков (алыш күрөшү).

Олимпиадалык спорт

"Мыкты спортчу" — Калы Сулайманов (грек-рим күрөшү);

"Мыкты спортчу айым" — Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү);

"Мыкты машыктыруучу" — Алтынбек Салаев жана Нурбек Изабеков.

Олимпиадалык эмес спорт

"Мыкты спортчу" — Бекназар Раимкул уулу (самбо);

"Мыкты машыктыруучу" — Мухаммед Курбанов (самбо).

Кошумча номинациялар

"Мыкты волейболчу" — Самат Догочиев;

"Мыкты футболчу" — Муролим Ахмедов;

"Мыкты ММА чебери" — Бусурманкул Абдубаит уулу;

"Мыкты грэпплинг чебери" — Нурбек Исмаилов.

Уюштуруу комитети тарабынан аныкталган номинациялар

"Паралимпиада боюнча мыкты спортчу" — Жыргал Оросбаев;

"Паралимпиада боюнча мыкты машыктыруучу" — Аднан Джабраилов;

"Сурдлимпиада боюнча мыкты спортчу" — Илгиз Каналбек уулу;

"Сурдлимпиада боюнча мыкты машыктыруучу" — Айдин Кулкожоев;

"Жыл жаңырыгы" — Бакыт Калиев (Армрестлинг);

"Келечекте көптү үмүттөндүргөн спортчу" — Акжол Махмудов;

"Улуттук спортту чет өлкөдө жайылтып, өнүктүргөндүгү үчүн" — Көк бөрү федерациясы;

"Массалык спортту кеңири жайылткандыгы үчүн" — Волейбол федерациясы;

"Мыкты федерация" — Дзюдо федерациясы;

"Мыкты меценат" — "АЮ" Холдинг.

Спорттогу талыкпас эмгеги жана бийик жетишкендиктери үчүн — Бообек Тотошев (кармашып урушуу), Жеңишбек Батыркулов (ат чабыш), Мыктыбек Токтосунов (жорго салыш), Алихан Инаркиев (эркин күрөш), Эрлан Жусупов (трикинг), Жаныбек Бейшебек уулу (тай боксу).

Sports and Youth Awards негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыктары

"Улуттук спортко кошкон салымы үчүн" — Болот Шамшиев;

"Эрдиги үчүн" — Дастан Шаршеев.

Мурат Саралинов атындагы сыйлык

"Мыкты спортчу" — Калы Сулайманов (грек-рим күрөшү);

"Мыкты спортчу айым — Айсулуу Тыныбекова" (кыз-келиндер күрөшү).

Мыкты жаштар уюму

"Жалал-Абад жаштар коому" (Жалал-Абал облусу);

"Биздин тилек" (Нарын облусу);

"Жаш ниет — Ноокат" (Ош облусу);

"Кулунду жаштар" (Баткен облусу);

"Айкөл" (Талас облусу);

"Өркүндөп өссүн Балыкчым" (Ысык-Көл облусу);

"Чүй облусунун жаш майыптар коому" (Чүй облусу).

Жаштар саясаты тармагындагы мыкты долбоор

ОсОО "Аманат Фильм", "В поисках мамы" тасмасы, кино жаратуучулар Нурбек Айбашов, Руслан Акун.

Жаштар саясаты тармагындагы мыкты өнөктөш

UNFPA (United Nations Population Fund) — Бириккен улуттар уюмунун калкты жайгаштыруу фонду.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлыш күрөшү боюнча балбан Алтынай Мамарасул кызы улуттук спорттун түрү боюнча "Мыкты спортчу айым" аталды
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/13
Алыш күрөшү боюнча балбан Алтынай Мамарасул кызы улуттук спорттун түрү боюнча "Мыкты спортчу айым" аталды
© Sputnik / Табылды КадырбековБусурманкул Абдубаит уулу экинчи жолу "Мыкты ММА чебери" аталды
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/13
Бусурманкул Абдубаит уулу экинчи жолу "Мыкты ММА чебери" аталды
© Sputnik / Табылды КадырбековКөпчүлүк Немат Абдрашитовду "Мыкты ММА чебери" аталат деп күткөн. Кандай болгон күндө да Немат беделдүү уюмдардын турнирлеринде ат салышкандыгы менен айырмаланат
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/13
Көпчүлүк Немат Абдрашитовду "Мыкты ММА чебери" аталат деп күткөн. Кандай болгон күндө да Немат беделдүү уюмдардын турнирлеринде ат салышкандыгы менен айырмаланат
© Sputnik / Табылды КадырбековЖумурай журттун сүймөнчүлүгүнө айланган Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен кызыл килем үстүндө
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/13
Жумурай журттун сүймөнчүлүгүнө айланган Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен кызыл килем үстүндө
© Sputnik / Табылды КадырбековМындай саамалык гимнсиз ачылбайт эмеспи
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/13
Мындай саамалык гимнсиз ачылбайт эмеспи
© Sputnik / Табылды КадырбековИш-чараны алып баруучулар Урмат Борченов жана Актилек Гүлжигит кызы
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/13
Иш-чараны алып баруучулар Урмат Борченов жана Актилек Гүлжигит кызы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Массалык спортту кеңири жайылткандыгы үчүн" номинациясына Волейбол федерациясы татыды. Сыйлык федерация жетекчиси Элмурза Сатыбалдиевге тапшырылды
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/13
"Массалык спортту кеңири жайылткандыгы үчүн" номинациясына Волейбол федерациясы татыды. Сыйлык федерация жетекчиси Элмурза Сатыбалдиевге тапшырылды
© Sputnik / Табылды КадырбековБалбан Калы Сулайманов олимпиадалык спорттун түрү боюнча "Мыкты спортчу" аталды
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/13
Балбан Калы Сулайманов олимпиадалык спорттун түрү боюнча "Мыкты спортчу" аталды
© Sputnik / Табылды КадырбековСпортчуларга ардактуу коноктор сыйлык тапшырып жатты. Сүрөттө Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров жана Дамирбек Асылбек уулу
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/13
Спортчуларга ардактуу коноктор сыйлык тапшырып жатты. Сүрөттө Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров жана Дамирбек Асылбек уулу
© Sputnik / Табылды КадырбековЖыргал Орозбаев "Паралимпиада боюнча мыкты спортчу" аталды. Ал пауэрлифтинг боюнча бир канча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/13
Жыргал Орозбаев "Паралимпиада боюнча мыкты спортчу" аталды. Ал пауэрлифтинг боюнча бир канча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү
© Sputnik / Табылды КадырбековАйсулуу Тыныбекова "Жылдын мыкты спортчу айымы" аталды. Ал 2017-жылдын эсебинен эл аралык 7 мелдеште ийгилик жараткан
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/13
Айсулуу Тыныбекова "Жылдын мыкты спортчу айымы" аталды. Ал 2017-жылдын эсебинен эл аралык 7 мелдеште ийгилик жараткан
© Sputnik / Табылды КадырбековЛегендарлуу мушкер Орзубек Назаровдун колунан сыйлык алуу ар бир эле спортчунун кыялы болсо керек
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/13
Легендарлуу мушкер Орзубек Назаровдун колунан сыйлык алуу ар бир эле спортчунун кыялы болсо керек
© Sputnik / Табылды КадырбековУюштуруу комитети тарабынан "Жыл жаңырыгы" номинациясына Бакыт Калиев татыды. Ал армрестлинг боюнча бир канча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү.
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13/13
Уюштуруу комитети тарабынан "Жыл жаңырыгы" номинациясына Бакыт Калиев татыды. Ал армрестлинг боюнча бир канча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү.
Жаңылыктар түрмөгү
0