00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Таштандыда калган мамлекеттик туу. "Сулайман-Тоо" музейинин башчысы үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мамлекеттик кырк нурдуу желеги
Кыргызстандын мамлекеттик кырк нурдуу желеги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музей директору Абдыкайым Кангелдиев музей кызматкери атайылап чуу жаратышы мүмкүн экенин билдирди

ОШ, 18-янв. — Sputnik. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музейинин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн мамлекеттик туунун чыры иштен кеткен кызматкердин таарынычынан улам жаралган. Мындай пикирин аталган музейдин директору Абдыкайым Кангелдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, жер төлөдөгү полго төшөлгөн туунун окуясы ал жетекчи болуп келгенге чейин болушу мүмкүн.

© Фото / Аширалы Маразыков"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музейинин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн мамлекеттик туу
Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейинин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн мамлекеттик туу - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музейинин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн мамлекеттик туу
© Фото / Аширалы Маразыков"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музейинин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн мамлекеттик туу
Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейинин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн мамлекеттик туу - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музейинин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн мамлекеттик туу
1/2
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музейинин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн мамлекеттик туу
2/2
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музейинин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн мамлекеттик туу

"Мен бул кызматка 2017-жылдын 18-августунда дайындалгам. Ал эми туунун сүрөтүн интернетке жүктөгөн музейдин мурунку кызматкери Аширали Маразыков 2017-жылдын ноябрь айында пенсия курагына келгендиги үчүн өз арызы менен башкы сүрөтчүлүк кызматын тапшырып, жумуштан кеткен болчу. Эмгек жамаат аны сый-урмат менен ардактуу эс алууга узатканбыз. Ордуна өзү сунуштаган Айбек Шамшиев аттуу жаран дайындалган. Бирок Маразыков кызматтан кеткенден кийин бир жума өтпөй "мен үйдө отура албайт экенмин, кайра жумушка ал" деп келиптир. Анын ордуна башка кызматкер алынып калган. Башка штат да жок болчу. Ошол себептен ал мага таарынып, ушул ишке барып жатышы мүмкүн", — деди Кангелдиев.

Государственный исторический музей КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тарых жана Фрунзе музейинен жоголгон баалуу экспонаттардын тизмеси
Ал ошондой эле эскилиги жеткен тууларды жаңыга алмаштыруу Маразыковдун мойнунда болуп келгенин кошумчалады.

"Бул сүрөт Маразыковдун өзүнүн иш бөлмөсүндө тартылышы мүмкүн. Себеби ал кызматтан кеткенине үч айдын жүзү болсо да жаңы келген кызматкерге кабинетинин ачкычын өткөрүп бере элек", — деди Кангелдиев.

Ал эми Аширали Маразыков жерге төшөлгөн тууну 2017-жылдын 25-сентябрында сүрөткө тартып алгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

"Бул сүрөт "Сулайман-Тоо" музейинин 1-кабатындагы 117-119-кабинеттеринде тартылган. Өткөн жылдын сентябрь айында ал жакта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткан болчу. Жерге төшөлгөн тууга көзүм түшүп, оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан балдардан тууну кайдан алгандарын сурасам, музейдин чарба иштери боюнча кызматкери Арзыкан Матыева бергендигин айтышты. Мен ошол замат бул көрүнүштү сүрөткө тартып алып, Арзыкан Матыеванын өзүнө да тууну жерге төшөө туура эместигин эскерттим. Директор Абдыкайым Кангелдиев анда директорлук кызматка жаңыдан келген эле. Ага да окуя тууралуу билдирип, мындай көрүнүшкө жол берген кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу керектигин айттым. Бирок эч ким сөгүш да алган жок", — деди Маразыков.

Ал ошондой эле музей жетекчилигине таарынычы бар экенин да жашырбады.

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Момбеков: итти кыргыз кылдык, кыргызды ит кылдык
"Өткөн жылдын күз айларында ооруп калдым. Ноябрь айында пенсияга чыккандыгыма байланыштуу жумуштан өз каалоом менен кетүү тууралуу арыз жаздырып алышты. Кийинчерээк жумушка кайра аларын айткан директор убадасын аткарбай жатат. Ош шаарынын кире беришине орнотулган арканын авторумун, калаанын борборундагы "Алымбек датка" этнографиялык комплексине орнотулган Алымбек датканын эстелиги да менин колумдан жаралган. Мындан сырткары, калаадагы өчпөс от жана башка бир катар эстеликтерди жасап, эмгеги сиңген скульпторду ооруп жүргөн мезгилде иштен кетиришти. Ал эми тууну жерге тебелеткен кызматкерлерге жада калса сөгүш да берилбей жатканына таарынганым чын. Мен музей жетекчилигине эгерде тууну жерге тебелеткендерге чара көрүлбөсө сүрөттү коомчулукка жарыялай тургандыгымды алдын ала эскерткем", — деди Маразыков.

Эске салсак, буга чейин бир катар ЖМКлар "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музейинин мурунку кызматкери Аширали Маразыков социалдык түйүндөргө музейдин жер төлөсүндө жерге төшөлгөн туунун сүрөттөрүн жарыялаганын жазып чыккан. Маразыков оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда туу таштанды салуу үчүн жерге төшөлгөндүгүн айтып, ага музейдин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиевди айыптоо менен жазага тартууну талап кылганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0