Кырсык 18-январда түштөн кийин саат 16:00дөр чамасында болгон.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын билдиришинче айдоочу секирип кеткенге жетишкени менен документтерин ала албай калган. Жалын каптаган автоунаа жолдо турат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аталган кырсык боюнча саат 16:27де билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү топ чыгып кетти.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.