Актриса Таалайкан Абазова: министрдин аялы болгон чоң жоопкерчилик экен

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАктриса Таалайкан Абазова
Актриса Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сүтак", "Асман алдында", "Кентавр" тасмаларына тартылып, бир катар спектаклдерде ойногон Таалайкан Абазова учурдун таланттуу актрисаларынын бири

Үйдө мыкты жубай, мээримдүү эне, тасмаларда бир туруп жаш кыздын, бир туруп чоң эненин ролун жеткире ойногон актрисаТаалайкан Абазованы Sputnik Кыргызстан агенттиги кепке тартты.

— Телефон менен байланышканыбызда кызымды караган киши жок деп калдыңыз, учурда бала карап үйдөсүзбү?

— Ооба, 2014-жылдан бери үйдөмүн. Кичүү кызыбыз мектепке бара баштагандыктан ал өз алдынча болгуча деп иштеген театрымдан чыгып алгам. Бирок анда-санда тасмаларга тартылып жатам.

— Канча балаңыз бар?

— Үч балабыз бар. Улуу кызым Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 1-курста окуйт, ортончу балам 5-класс, кичүү кызыбыз 1-класста билим алат.

© Фото / из личного архива Таалайкан АбазовойАктриса Таалайкан Абазова: балдарыбыз эл келгенде өнөрлөрүн тартуулаганды жакшы көрөт. Улуу кызым кичинесинде клиптерге тартылып, театрга биз менен барып спектаклде ойночу
Актриса Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Таалайкан Абазова: балдарыбыз эл келгенде өнөрлөрүн тартуулаганды жакшы көрөт. Улуу кызым кичинесинде клиптерге тартылып, театрга биз менен барып спектаклде ойночу

— Жолдошуңуз мурдагы маданият министри Алтынбек Максутов экенин билебиз. Ал адам дагы көп кырдуу талант. Чыгармачыл адамдардын балдары кандай болду экен? Силердин жолуңарды жолдой турчулары барбы?

Съемки кыргызского мюзикла Дарак ыры - Sputnik Кыргызстан
Табияттын күчүн аңдай албаган Адам. "Дарак ыры" мюзиклинин авторлору менен маек
— "Биз көргөн түйшүктү балдар тартпасын" деп кээде балаңдын бул кесипте болушун каалабай кетесиң. Бирок артисттин балдарынын көбү артист болгусу эле келет окшойт. Балдарыбыз эл келгенде өнөрлөрүн тартуулаганды жакшы көрөт. Улуу кызым кичинесинде клиптерге тартылып, театрга биз менен барып спектаклде ойночу. Бирок чоңойуп эс тартканда "башка эле адистикти тандайынчы" деп калыптыр. Эркек балам атасындай болуп сүрөттү жакшы тартат, кол өнөрчүлүккө кызыгат, скульптор болгусу келет. Кенже кызыбыз бийлейт.

— Театрда канча жыл иштедиңиз?

— Москвадан Михаил Щепкин атындагы театралдык окуу жайды аяктап келген соң жарым жыл Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрда иштедим. Андан соң Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрга келип, ал жакка 20 жыл кызмат кылдым. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАктриса Таалайкан Абазова: театрдын өзүнүн сыйкыр күчү бар, ал жак өзүнчө дүйнө
Актриса Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Таалайкан Абазова: театрдын өзүнүн сыйкыр күчү бар, ал жак өзүнчө дүйнө

— Соңку ирет кайсы тасмага тартылдыңыз?

— Акыркы жолу былтыр эки тасмада роль жараттым. Бири "Жамгырдан кийин" деп аталган тасма, экинчиси "Дарак ыры" деп аталган тарыхый мюзикл. Экөө тең быйыл жаздан тарта көрсөтүлө баштаса керек.

— Театр сахнасы менен тасма талаасынын кайсынысы жан дүйнөңүзгө жакын?

— Экөө тең жагат. Театрдын өзүнүн сыйкыр күчү бар, ал жак өзүнчө дүйнө. Кино жаатында да кызыктуу учурлар көп болот. Айтор, бирөөнү так кесе бөлүп айта албайм.

— Аял киши үчүн актрисалык кесип оор эмеспи? Кээде тоо-ташта күнү-түнү жүрүүгө туура келет да…

— Аял киши үчүн актриса болуу айрыкча, үй-бүлө күткөндөн кийин кыйын. Алыс жакка барып тартылыш керек болсо бала-чаканы ойлойсуң, сарсанаа болосуң. Бирок кесибиң ушундай, иштин жыйынтыгы жакшы болуш үчүн бардык аракетти жумшайсың. Берген ролду ийине жеткирип ойноо керек. 

© Фото / Урмат ОсмоновАктриса Таалайкан Абазова: берген ролду ийине жеткирип ойноо керек
Актриса Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Таалайкан Абазова: берген ролду ийине жеткирип ойноо керек

— Өзүңүзгө кайсы тасмадагы жараткан образыңыз жагат?

— Бир гана образды жагат деп же жакпайт деп айта албайм. Бардык ролду жеткиликтүү кылып аткарганга болгон күчүмдү жумшайм. Кызыгы, мен көп жылдан бери актриса болуп иштеп жүрсөм деле образ жаратаарда тасмага биринчи жолу тартылып жаткандай тартына берем. Натурам ошондой окшойт. "Бул образды мындай эле ойноп коем" дей албайм, ичимден миң толгонуп, түйшөлүп, анан тер төгүп, аракетимди жумшайм.

— "Апамдын махабаты" тасмасында сизди күч колдонуп ала качып кетип, зордоп отургузуп коет го. Өзүңүз ала качууга кандай карайсыз?

— Ошол тасмага тартылганга чейин өзүмдүн бир тууган сиңдимди биздин көзүбүзчө эле ала качып кетишкен. Абдан жаман болгонбуз. Ошондо сиңдимдин абалын түшүнүп, эстеп, берилип ойногом. Ала качууга таптакыр каршымын. Үй-бүлө куруу чоң милдет, ага жоопкерчилик менен караш керек. Илгеркидей жок дегенде колун сурап үйлөнсө, ата-энесинин да жүрөгү тынч болот да. 

© Фото / предоставлено Таалайкан АбазовойАктриса Таалайкан Абазова: мен көп жылдан бери актриса болуп иштеп жүрсөм деле образ жаратаарда тасмага биринчи жолу тартылып жаткандай тартына берем. Натурам ошондой окшойт
Актриса Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Таалайкан Абазова: мен көп жылдан бери актриса болуп иштеп жүрсөм деле образ жаратаарда тасмага биринчи жолу тартылып жаткандай тартына берем. Натурам ошондой окшойт

— Жолдошуңуз менен сүйлөшүп эле үйлөндүңөр беле?

— Алтыш (Алтынбек Максүтов — ред.) экөөбүз Москвада чогуу окуп жүргөндө кыз-жигит болуп калдык. Төрт жылдай сүйлөшүп жүрүп окуубуз аяктаган соң Бишкекке келип, анан ата-энелерибизди тааныштырдык. Жолдошум Тогуз-Тородон болгондуктан ал жакка учак менен барып үч күн той берип, кайра шаарга келип калганбыз. Анткени шаардык театрдын ачылышында экөөбүз Олжобай менен Зулайканын образын аткармакпыз.

Съемки фильма Айыл кэмп - Sputnik Кыргызстан
Актер Жеңиш: "Айыл кэмп" тасмасы жаман адатымды оңдоду
— Алтынбек Аскарович кол өнөрчүлүк менен да алектенип жүргөнүн байкайбыз?

— Ооба, атабыз артисттин окуусун бүткөнү менен көп кырдуу талант. Кол өнөрчүлүккө, скульпторлукка кызыгып, сүрөт тартат, музыкалык аспаптарда ойнойт. Жаны тынбаган, эмгекчил адам. Иши жок отурса кыжаалат боло берет. Дем алыш дегенди билбейт. Мен ошол адамга карап түзөлүп, үлгү алам.

— Министр болгондо мүнөзү өзгөргөн жокпу?

— Өзгөргөн деле жок. Министр болгонго чейин галстук тагынчу эмес. Ал кызматты аркалап баштаганда галстук тагынып калды. Эң чоң өзгөрүү ошол болду окшойт. Костюм-шым кийгенден кийин биз үчүн министр болуп калат. Жумуштан келип костюм-галстугун чечкенден кийин баягы өзүбүздүн атабыздын образына кирчү. Үйдөн аны дээрлик көрбөй деле калганбыз. Башында түнгө чейин иштеп жүрө берчү. Убакыт-саатынын баары жазылуу. Азыр өзү да "эки жылдык армияга баргандай болдум" деп күлүп калат. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАктриса Таалайкан Абазова: министрдин аялы болгон өтө чоң жоопкерчилик. Мурдагыдай кенен-кесир басып, ар кандай сүйлөмөй жок
Актриса Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Таалайкан Абазова: министрдин аялы болгон өтө чоң жоопкерчилик. Мурдагыдай кенен-кесир басып, ар кандай сүйлөмөй жок

— Министрдин аялы болгон кандай экен?

— Министрдин аялы болгон өтө чоң жоопкерчилик. Мурдагыдай кенен-кесир басып, ар кандай сүйлөмөй жок. "Менден да чоң жоопкерчилик силерде, баскан-турганыңардын баары көзөмөлдө болот" деп атабыз балдарга жана мага талапты катуу койгон. Кенен жүргөн жүргөнгө көнгөн жаныбыз дем жетпей калгандай эле жүрдүк. Ошондон кийин "аа, министр же анын үй-бүлөсү деле болуш оңой эмес турбайбы" деп калгам.

— Ырчы Нуриза Абазова сиңдиңиз экенин билебиз. Үй-бүлөңөрдө чыгармачыл адамдар көп окшойт?

— Кичүү иним Чыңгыз да театрда иштеп, тасмаларга тартылып калчу. Азыр үй-бүлө, жашоо-шартка байланыштуу чыгармачылыктан четтеп кетти. Атам дарыгер, апам соодагер болгондуктан "биз кимди тартып чыгармачылыкка чукулбуз" деп сурай берчүбүз. Көрсө, атамдын таякелери жакта "чымын" бар экен. 

© Фото / Хасан КыдыралиевАктриса Таалайкан Абазова: кудайыма шүгүр, мен азыр бактылуумун. Үйдөн апам Такин деп эркелетчү, жолдошум Танка деп коет, Москвада бийден берген эже Такина деп эркелетчү
Актриса Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Таалайкан Абазова: кудайыма шүгүр, мен азыр бактылуумун. Үйдөн апам Такин деп эркелетчү, жолдошум Танка деп коет, Москвада бийден берген эже Такина деп эркелетчү

— Экөөбүз адаш экенбиз. Мага кичине кезимде ысмым жакчу эмес. Сизде кандай эле?

— Башында таптакыр жакчу эмес. Апамдарга "эмнеге эркек баланын атын койгонсуңар" деп таарына берчү экенмин. Көрсө, атымды "бактылуу, таалайлуу кыз болсун" деп таенем коюптур. Кудайыма шүгүр, мен азыр бактылуумун. Үйдөн апам Такин деп эркелетчү, жолдошум Танка деп коет, Москвада бийден берген эже Такина деп эркелетчү. Азыр атым өзүмө жагат.

Жаңылыктар түрмөгү
0