Мазар. Кусур уруу. Бул сөздөр көпчүлүк киши үчүн ыйык болуп саналат. Азыр дагы ыйык жайларга барып сыйынып жүргөндөр жок эмес.
Биз бүгүн "Дарак ыры" аттуу тарыхый кино-дастанды тарткан режиссер Айбек Дайырбековду, тасманын продюсери Толкун Дайырбекова менен башкы ролдордун бирин жараткан актер Өмүрбек Израиловду кепке тарттык.
Белгилей кетсек, тасмага Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Өмүрбек Израилов, Муктар Ауэзов атындагы казак мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти Салтанат Бакаева башкы ролду ойношкон.
— Айбек мырза, тасма турмушта болгон чыныгы окуянын негизинде тартылган экен. Ал эмне болгон окуя?
Тасманын маңызын адам менен табияттын ортосундагы кагылышуу түзөт. Ар бир жердин, элдин ыйык нерсеси болот. Биздин тасмада окуя мазар ыйыктыкты, табиятты, жаратылыштын образын түзүп турат. Бүгүнкү күнү деле ыйык нерселерди талкалап жок кылып жатабыз. Сценарийди окуп чыккандар "силер тарых эмес эле, бүгүнкү учурду тартып коюптурсуңар" деп жатышат. "Эмнеге?" десем, "бүгүн деле ыйык нерселердин баарын саттырып, чаптырып, жерибизди берип жатпайбызбы" деп жооп беришти.
— Эмнеге мюзикл жанрын тандап алдыңыз. Дыңы бузула элек тармакта тобокелдик көп болсо керек?
— Чоң себептердин бири сөз менен айтып бере албаган нерселерди музыка менен жеткирсе болот. Актерлорго да каармандын образына кирүүдө аябай жакшы жардам берди. Негизи кино тартып жаткандар жакшы билет, тартуу учурунда музыка колдонулбайт, ал бүткөндөн кийин музыка үстүнөн жаздырылат. Биз теңирден тескери кылдык. Тартуу иштери башталганга чейин ырлардын баарын жаздырып, аны кино тартуу учурунда колдондук. Кино жаатындагы алптар тасманын жумушчу версиясын көрүп, кемчилик айта элек.
— Бул тасманы жети жыл бою таптап, бышырып жүрүп анан тартыптырсыз. Сценарий жазуу кыйынга турган жокпу?
— Бул убакыт ичинде тасманын сюжетин бышырдым. Сюжеттин баш-аягын таап алсаң, сценарий жазуу жеңил болот. Жети жыл мурун эле мюзикл тартыш керек деген ой жашап жүргөн. Сценарийдин биринчи вариантын жаздым, экинчисин жаздым. Жалгыз жазганга күчүм жетпей, кесиптеш агаларга кайрылдым. Акыры Садык Шер-Нияз агабыз бир сыйра окуп көрүп, чогуу жазышты. Баш-аягы сценарийди жарым жылда бүтүрдүк. Ошентип бешинчи сценарий менен тасманы тарттык.
— Суроону Толкун айым, сизге бергим келип жатат. Жаңычылдык алып келе турчу тасмага продюсерлик кылуу оор болдубу? Эмне болуп кетерин алдын ала билүү кыйын болсо керек?
Толкун Дайырбекова: Мен үчүн дебют, биринчи жолу киного продюсерлик кылдым. Кинодо болгон нерсенин бардыгы мен үчүн жаңылык болду. Айбек менен чогуу жашаганыбызга 11 жыл болуптур, ушул убакыт ичинде кино тартылып жаткан жерге бир эле жолу барыптырмын.
— Тасмага тартылам деп бир күндө кеминде эле 70ке чейин киши жүрсө алардын ичкен-жегенин да камсыздаш керек да. Бир күндө канча кой союлуп жатты?
— Чынын айтканда көп эле союлду окшойт. Санаган деле жокпуз. Ошол эле учурда тамактан өксүгөн учур болгон жок. Атайын ашпозчуларды жалдап тамак-ашын өзүнчө камсыздап жаттык.
— Тасмада ат чаап келе жаткан бала аты менен жардан кулаган эпизод бар экен. Жылкынын арка-мойну астында калгандай таасир калтырды. Бул "мал болбой калды" деп дароо сойсоңуздар керек?
Айбек Дайырбеков: Ал ат атайын каскадердук аракеттерди жасоого машыктырылган экен. Эч нерсе болгон жок (күлүп), эртеси эле башка эпизоддорго тартылып жүрдү. Жылкы баласынын бир жери сынса жашап кете албайт да.
— Өмүрбек, тасмадагы башкы каарманды сиз ойноптурсуз. Саамалык чочуткан жокпу?
Тартуу иштери башталганда каармандын образын жакшы берип жатамбы, кандай ойноп жатам деп түйшөлдүм. Ыр, музыка бизге образга киргенге аябай жардам берди. Бул жагынан жеңил болду. Бардыгы режиссер ойлогондой тартылды деп ойлойм. Анан тасма тартылып бүткөнгө чейин эле келтек жеп жүрдүм (күлүп).
Айбек Дайырбеков: Тасманын бир жеринде Өмүрбекти шапалак менен сабаган жер бар. Бул эпизодду тартууда актер коргоочу атайын кийимди кийиши керек эле. Бирок "камерага көрүнүп калат экен" деп чечип салды. Ошол учур канча дубль менен тартылганын билбейм, бирок Өмүрбек жакшы эле келтек жеди.
Өмүрбек Израилов: Коргоочу кийимди кийсем ийини томпоюп чыгып калат экен. Ары-бери кыймылдаганда ыңгайсыздык жаратып, чабылган соккуларды сезбей жаттым. Каарманымдын образын чындыкка жакындатып ачып берейин деп коргоочу кийимди чечип салдым.
Толкун Дайырбекова: Ал бөлүк тартылып бүткөндөн кийин Өмүрбектин далысы канталап кетиптир.
— Сарала-Саз жайлоосунда бир күндө төрт мезгилди көрүп жаттык дедиңиз. Аба ырайынын өзгөрүп турушу бир топ эле жолтоо болгон экен да…
Айбек Дайырбеков: Аябай көп таасир тийгизди. Бир четинен тоскоолдук жаратса, экинчи жагынан аябай жардам берди. Кино тартып баштар күнү эртең менен кар жаап салды. Бир жумадай аба ырайын түшүнбөй жүрдүк. Күн себелесе эле бардык жабдууларды жыйнайбыз, бир аздан соң күн ачылып кетет. Кийин таңкы саат бештен кечки жетиге чейин кар жааса да, мөндүр жааса да карабай тартып жаттык. Көрсө жайлоодо саат түшкү экиге чейин шамал болбойт экен. Шамал болгондо кино тартмак тургай баса албай каласың. Бирок мындай алай-дүлөйдөн кийин күн батарга 15 мүнөт калганда асман чайыттай ачылып кино тартканга сонун шарт түзүлөт. Бир күн күткөн топ жанталашып тим эле катуу иштеп калабыз.
Айбек Дайырбеков: Шамал биздин тасманы жандуу кылды. Картиналардын бардыгында кыймыл бар. Булуттардын зуулдап учуп баратканы көрүнүп турат, аба ырайынын алмашуусу да өзгөчө көрк берип жатты.
— Ыркыраган шамал болсо актерлерду кийинткенде жүдөгөн турбайсыздарды?
Толкун Дайырбекова: Ооба, костюмерлер үчүн аябай эле кыйын болду. Шамалдан элекчектин учтары учуп, кийимдердин этек-башы ачылып жүдөттү. Улам барып оңдосоң кайра ачылат. Азыр ошонун барын күлүп эстеп жатабыз, учурунда жин келген. Биздин тасмада костюмдар боюнча өз ишин мыкты билгендер сүрөтчү болду. Башка тасмаларда бир сүрөтчү болсо бизде Айдай, Нуржамал Асангуловалар жана Дөөлөт Рысбаев эже-байкелерибиз кол кабыш кылышты. Жалпысынан 220 костюм тигилди. Башкы каармандардын кийимдерин чоң экрандан машинанын тигиши көрүнүп калат деп жалаң колго тигишти.
P.S. Тасмада кыргыздын улуттук аспаптары — комуз, сыбызгы, кыл кыяк, ооз комуз, чоор жаңырган. Ошондой эле байыркы аспаптардын катарын толуктаган жетигендин үнүн угууга болот. Тарыхый кино-дастандын бет ачары 1-мартта болот.