БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ош шаарында кызганычтан аялын сабап өлтүрүүгө шектелип жарандык никеде жашаган күйөөсү кармалганын шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 41 жаштагы аялдын киши колдуу болуп каза тапканы тууралуу билдирүү 9-январь күнү келип түшкөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, келин алган соккудан көз жумганын аныктаган.
"Маркумдун төрт кабыргасы сынып, баш сөөгү жарылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында 9-январда кылмышка шектелип аялдын акыркы убакта жарандык никеде жашаган 41 жаштагы күйөөсү кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.