Бишкекти каптаган кара түтүн. Эколог анын себеби жана кесепети тууралуу

Жазылуу
Биология илимдеринин доктору эколог, профессор Эмил Шүкүров кара түтүндүн беш себебин айтып, анын зыяны тууралуу айтып берди

Кыштын келиши менен борбор калаанын үстүндө көпкө чейин тарабаган кара түтүн туруп калгандыктан, абанын булганычы боюнча маселе Жогорку Кеңеште козголгон. Мындан улам өкмөт башчы Сапар Исаков дагы бул көйгөйгө көңүл буруп, тиешелүү органдарга чечүү маселесин көйду. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги түтүндүн пайда болуу себептерин билүү максатында биология илимдеринин доктору, эколог Эмил Шүкүровго кайрылды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБиология илимдеринин доктору, эколог Эмил Шүкүров
Эколог и доктор биологических наук Эмиль Шукуров - Sputnik Кыргызстан
Биология илимдеринин доктору, эколог Эмил Шүкүров

Анын айтымында, атмосферанын булганышынын бир нече себеби бар. Алар:

1. Авто унаалардан бөлүнүп чыккан газдар. Экологдун пикири боюнча бул кара түтүндүн пайда болушунун негизги себеби. Анткени Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн алып келинген эски унаалар көп. Алар эскилиги жеткендиктен, зыяндуу заттарды көп бөлүп чыгарат.

2. Борбордук ТЭЦ. Бул ишкана атмосферага ар кандай заттарды ири өлчөмдө бөлүп чыгарат. Бирок ТЭЦте отун өтө жогорку температурада күйгүзүлгөндүктөн, зыяны башкаларга салыштырмалуу анча көп эмес.

Работа ТЭЦ в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин абасы канчалык зыяндуу. Кыргызгидрометтин маалыматы
3. Жер үйлөрдө жагылган от. ТЭЦке караганда кооптуурак. Анткени үйдө отун салыштырмалуу анча жогору эмес температурада күйгөндүктөн, көмүр кычкыл газынын ордуна ис бөлүнүп чыгат.

4. Таштандыны өрттөө. Шүкүровдун айтымында, таштандыны күйгүзүп салуу зыян алып келерин көпчүлүк түшүнө бербейт. Мында күйгүзүлгөн заттардын басымдуу бөлүгү уулуу газдарды бөлүп чыгарат.

5. Климат шарттары. Быйылкы кышта жаан-чачындын аз болушу абада зыяндуу заттардын кармалып тура беришине алып келди.

Биологдун айтымында, түтүн дем алуу органдарын жабыркатып, аллергия, рак ооруларын пайда кылат. Шүкүров кошумчалагандай, элдин саны жагынан алганда Кыргызстандагы шаарлардын ичинен Бишкек аталган оорулар жагынан алдыда турат.

Эксперт Бишкек шаары абаны түтүндөн тазалоого ыңгайсыз курулганын белгиледи.

"Мурда Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын жээги жашыл аймак болгондуктан, аба тазаланып турчу. Эми ал жакка курулуштар түшүп, шамалдын циркуляциясы бузулду. Азыр ар кандай ооруларды алып келчү түтүн шаардын үстүнөн кетпей тура беришине бардык шарттар түзүлдү. "Бишкек башкы архитектурасы" менен мэрия көчөлөр кененирээк болуп, шамал жүрүп турушун шарттаган бир да иш кылган жок. Эч бир бош жер калбай, имараттар салынып жатат. Бул шаар тугундарына каршы кылмыш", — деди Шүкүров.

Эколог курулуштар тармагын иретке келтирип, көчөлөрдү желдетип турууга шарттар түзүлүшү керектигине токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0