Ракка чалдыккандардын дартына даба болчу аппарат 15-январдан тарта ишке кирет

© AP Photo / Petr David JosekМедициналык аппарат. Архив
Медициналык аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү нур терапиясы үчүн заманбап дагы бир аппаратты сатып алуу үчүн тендер жарыяланат

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 15-январдан тарта Бишкекте нур терапиясы менен дарылаган "Бабатрон-2" аппараты иштей баштай турганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Индия мамлекети тарабынан белекке берилген аппарат Улуттук онкология жана гематология борборуна коюлмакчы.

"Учурда "Бабатрон-2" орнотулуп бүттү. 15-январдан кийин алгачкы оорулууларга кызмат көрсөтө баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Жакынкы күндөрү нур терапиясы үчүн заманбап дагы бир аппаратты сатып алуу үчүн тендер жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0