Эртең менен жумушка келе жатсам токтоюн деген маршрутка бир-эки метрдей жерге сүрүлүп барып араң токтоду. Шаша-буша ичине кирсем, айдоочу нааразы болгондой "түз жерге турбайт" белең деп бурк этти. "Апеей, аялдаманын өзүндө турсам кайсы түз жерди тандайм" дедим күнөөлүү кишидей.
Жолдогу көк жылгаяк кечээ кечинде эле башталган. Айдоочулар аң-чуңкурларга жылмышып түшүп кетип жатканы аз келгенсип, ылдамдыкты чектөө үчүн "жерге коюлган полициялардын" үстүнө кабат-кабат муз тоңуп калган.
Айдоочулар ызырынып жатса, жай тургундар кардын жааганына тим эле сүйүнүп жатат. Бул сүрөт топтомун карасаңыз, чыныгы кыш келгенин чындап сезесиз.
Сыртта болсо чыныгы кыш! Бирок шаар тургундарынын жашоосу өз нугу менен уланып жатат. Керек болсо чакан чемпионаттар дагы уюштурулуп, Ташкенттен келген окуучусу Рубик кубигин 10 секундада чогултту.
Ал ортодо Бишкек шаарынын абасы канчалык кир экенин, биз эмне менен дем алып жатканыбызды Кыргызгидромет билдирди.
Ишенесизби, биздин режиссерлер дагы фантастикалык тасмаларды тартып, элди таң калдыруу алдында турат. Болгондо да Орто Азияда биринчилерден болуп балдар үчүн фантастикалык тасма тартылды. Кайсы кинонун айтып жатат десеңер ал — "Жетикс" тасмасы.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.00 (сатып алуу) жана 69.28 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Карды күнөөлөп маанайды түшүрбөй, ар бир күндөн ырахат алалы. Расул Үсөналиев.