БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош жолу ачылды, бирок учурда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө бар. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Катаал аба ырайынан улам өлкөнүн түндүк менен түштүгүн байланыштырган трасса убактылуу жабылып, бирок кечээ, 27-декабрда, кайра ачылган.
Бишкек – Ош (162- жана 172-чакырымы) жолуна майда көчкү түшүп, өтө албай калган автоунаалар кайрадан жолго чыкты.
ӨКМдин маалымат кызматынан учурда каттам үзгүлтүксүз болуп жатканын кабарлады.
Министрлик 31-декабрга чейин кооптуулук жараткан жерлерде карды атайын атып түшүрүү иштерин жүргүзүүнү улантат.