Бишкек — Ош трассасына түшкөн кар көчкү бир унааны жолдон сүрүп салды

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүРасчистка снежных завалов и принудительный спуск лавин на Транскавказской автомагистрали
Расчистка снежных завалов и принудительный спуск лавин на Транскавказской автомагистрали - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кар дагы эки жеңил унаанын капталына тийген

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 198-чакырымына кар көчкү түшүп, бир унааны жолдон сүрүп салганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, көчкү жолдон өтүп бараткан эки жеңил унаанын да капталына тийген.

"Көчкүнүн кесепетинен эч ким жабыр тарткан эмес. Ушу тапта аталган унаадагы жүргүнчүлөр башка машиналардын ичинде", — деп айтылат билдирүүдө.

Унаа жолду тазалоого тиешелүү жол тейлөө ишканаларынын техникалары тартылды. ӨКМ абал көзөмөлгө алынганын, дагы кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0