00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Опасное наследство: как не унаследовать чужие кредиты
14:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Инсультту дарылоодогу жаңы ыкмалар: протоколдор эмнени өзгөрттү?
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как остеохондроз портит сон и что с этим делать
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Ырчылык менен юморду айкалыштырып эл көңүлүнөн түнөк тапкан Бектен Жакилов
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Весна на полях: хватит ли воды и чего ждать от нового сельхозсезона
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Иран менен мамиле курган өлкөлөргө Америка санкция салам деп опузалады. Бул экономикалык күчпү же саясий оюнбу?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опасное наследство: как не унаследовать чужие кредиты
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Инсультту дарылоодогу жаңы ыкмалар: протоколдор эмнени өзгөрттү?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эрте жана кеч төрөсө эмне болот? Гинекологдун кеңеши

Жазылуу
Бала — бакыт. Мындай бакыт ар бир аялга ар кандай учурда буюруп, айрымдары 18 жашка чыга электе эле төрөп койсо, кээ бири кырктын кырына келгенде гана наристе жытын жыттайт. Бирок дарыгерлер өтө кеч же өтө эрте төрөт эне-баланын ден соолугуна кедергисин тийгизип калышы мүмкүн дейт.

Негизи эле аялзаты үчүн кайсы учур төрөткө, кош бойлуулукка ылайыктуу. Дени сак бала төрөйм деген эне эмнелерди эске алышы керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Эне жана баланы коргоо борборунун акушер-гинекологу Анара Ордокова айтып берди.

Өспүрүм куракта төрөгөн эмнеге алып келет?

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жатында чирий баштаган түйүлдүк... Бишкектеги төрөтканадан репортаж
12ден 18 жашка чейинки мезгил өспүрүм курак деп эсептелет. Бул учурда кыздар өздөрү бала болгондуктан төрөмөк тургай турмушка чыгууну ойлогону эрте. Бул учурда өспүрүм кыздардын физиологиясы, организми жыныстык катнашка, бала төрөөгө али даяр эмес экендигин эске салабыз.

Мындан улам:

— бойдон түшүп калуу коркунучу болот;

— бала ара төрөлүп калышы ыктымал;

— кокустан боюна бүтүп калган кыздар аны ата-энесинен жашырууга аракет кылып таңып, туура эмес тамактанышат. Көп нерсени ойлонот. Мындай учурда түйүлдүк жакшы өспөй, бала ичинен өлүп калышы мүмкүн;

— жаш кыздын бөйрөк, жүрөк же башка ооруларга чалдыгышы ыктымал;

— төрөттө кансырап, алы кетет. Эмчегинин үрпү кичине болгондуктан ымыркайын тойгуза албай кыйналып да калган учурлар кездешет;

— эне болууга моралдык жактан даяр болбойт, көбүнчө аны ата-энеси багып берет.

Төрөт үчүн ыңгайлуу курак

Аялдардын турмушка чыгып, балалуу болууга эң ыңгайлуу курагы 20 жаштан 40ка чейинки учур. Аял кишинин дене түзүлүшү төрөткө 20 жаштан соң даяр болуп, толук жетилет. Андыктан, турмушка чыгууну ушул курактан кийин ойлонсо деле кыздар баарына жетишет.

Жашы өткөндө төрөгөн канчалык зыян?

Хирург операция учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Сыдыкова: жаш кыздар көбүнчө криминалдык аборт жасатууда
Бардык эле аял 20 жаштан 40 жашка чейин төрөп үлгүрө албайт. Жашы өткөндө турмушка чыккандардын ичинен боюна бүтпөй жүрүп, кеч бала көргөндөр бар. Бирок 40тан өткөндөн кийин аялдын организми алсыз болуп, ар түрдүү ооруга чалдыгышы ыктымал. Жашы өткөндө кош бойлуулуктун коркунучтуусу — ымыркай Даун синдрому менен жарыкка келиши мүмкүн. Кант диабети бар аялдардын бул учурда төрөгөнгө мүмкүнчүлүгү аз. 40тан өтүп төрөгөндөр деле көп, бирок алар дарыгердин тыкыр кароосунда болуп, бардык оорусун көзөмөлдөтүп турушу зарыл.

Дени сак бала төрөйм десеңиз:

— гинекологго сөзсүз каттоого туруңуз;

— медициналык көзөмөлдөн ай сайын өтүңүз;

— гинеколог жазып берген витаминдерди калтырбай ичиңиз;

— стресс, депрессиядан оолак болуп, дени сак жашоо менен дос болуңуз!

Ар бир нерсенин өз убагында болгону жакшы, андыктан жашы жете элек секелектер эч нерсеге шашылбай, жаш курагы өтүп бара жаткан айымдар эртерээк балалуу болуп алууга аракет кылышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0