БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Борбор калаада футзал боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Наристе — 2018" аталышындагы мелдеш 3-январдан 10-январга чейин өтөт. Анда мамлекеттик органдар, чет элдик командалар, спорт сүйүүчүлөр жана ардагерлер ат салышат.
Спорттук иш-чараны Олимпиаладык эмес спорттун түрү боюнча дирекция футзал оюнун жайылтуу жана өнүктүрүү максатында уюштурууда.