https://sputnik.kg/20260806/1102814004.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аймактардын экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында өнөр жай, инфраструктура жана өндүрүштүк кооперация багытындагы долбоорлорду... 06.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-06T08:59+0600
2026-08-06T08:59+0600
2026-08-06T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/06/1102813838_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c49c977db3f8fe96b038bd948195d87a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аймактардын экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында өнөр жай, инфраструктура жана өндүрүштүк кооперация багытындагы долбоорлорду каржылоону улантууда. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата фонд тарабынан жалпы наркы 100,5 млн долларды түзгөн 37 долбоор жактырылды. Анын ичинен 61,2 млн доллар фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланган. "Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжасында Кыргызстанда 883 жаңы жумуш орду түзүлүп, 367 даана атайын жана коммерциялык техника жеткирилген. Фонд текстиль өнөр жайы, энергетика, логистика, өндүрүш, муниципалдык инфраструктура жана коомдук транспортту жаңылоо багытындагы долбоорлорду колдоп келет.
Кыргызстан жарым жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге 19 миң тоннадан ашык сүт азыктарын экспорттоду Экспорттолгон азыктардын ичинен эң көбү балмуздак 2339 тонна. Ошондой эле сыртка сатылган товарлардын тизмесинде сыр 674 тоннадан ашык, кымыз жана курут сыяктуу кычкыл сүт азыктары 197 тонна, 189 тонна сүттүн сары суу жана 100 тонна сары май бар. Мындан тышкары, чет өлкөлөргө 228 тоннадан ашык табигый бал сатылган.
Саламаттык сактоо министри Боомдо адам өмүрүн сактап калган студент кызга ыраазы болуп, сыйлады Дамирбек Осмоновдун колунан Медициналык академиянын студенти Адинай Кабенова ыраазычылык кат менен белек алды. Боомдо 3-августта автоунаа кырсыктап, оодарылып кеткен. Мунун кесепетинен эки адам оор жаракат алган. Ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан Медакадемиянын студенти Кабенова жабыркагандарга медициналык биринчи жардам көрсөткөн. Мындай кадамы менен кыз кансыраган адамды ажалдан арачалап калган.
Асман шаарын 7-10 жылда куруп бүткөрүү пландалууда Иштер сентябрда башталып, алгач 200 гектар аянт өздөштүрүлөрүн Асман шаарын куруу боюнча мамдирекциянын директору Эльмар Жунусов маалымдады. Анын айтымында, долбоор үч этапка бөлүнүп, биринчи линияны өздөштүрүүгө 3-5 жыл каралууда. Анда негизинен медициналык кластерлер, мейманканалар, бизнес-борборлор, коттедж шаарчалары жана турак жай конуштары курулат.
Россиянын бардык өнөктөш өлкөлөрү санкциялык басымга ыңгайлашып, Москва менен өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда РФ Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун директору, Коопсуздук кеңешинин алдындагы Илим кеңешинин мүчөсү Фёдор Войтоловский билдирди. Анын айтымында, Россияга жана ага өнөктөш мамлекеттерге каршы экономикалык жана санкциялык басым 2014-жылы эле башталган. Ал өлкөлөр өз ара кызматташуунун позитивдүү күн тартибин калыптандырып жатканын баса белгиледи. Өнөктөштүктүн чыныгы көрсөткүчтөрү катары түз чет өлкөлүк инвестициялардын динамикасын, өз ара соода жүгүртүүнү, жарандардын ары-бери эркин өтүүсүн жана бирдиктүү эмгек рыногун атады. Борбор Азиянын жакынкы 10–15 жылга карата келечеги тууралуу айтып жатып, Войтоловский аймактагы өлкөлөрдү
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аймактардын экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында өнөр жай, инфраструктура жана өндүрүштүк кооперация багытындагы долбоорлорду каржылоону улантууда. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата фонд тарабынан жалпы наркы 100,5 млн долларды түзгөн 37 долбоор жактырылды. Анын ичинен 61,2 млн доллар фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланган. "Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжасында Кыргызстанда 883 жаңы жумуш орду түзүлүп, 367 даана атайын жана коммерциялык техника жеткирилген. Фонд текстиль өнөр жайы, энергетика, логистика, өндүрүш, муниципалдык инфраструктура жана коомдук транспортту жаңылоо багытындагы долбоорлорду колдоп келет. Кыргызстан жарым жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге 19 миң тоннадан ашык сүт азыктарын экспорттоду Экспорттолгон азыктардын ичинен эң көбү балмуздак 2339 тонна. Ошондой эле сыртка сатылган товарлардын тизмесинде сыр 674 тоннадан ашык, кымыз жана курут сыяктуу кычкыл сүт азыктары 197 тонна, 189 тонна сүттүн сары суу жана 100 тонна сары май бар. Мындан тышкары, чет өлкөлөргө 228 тоннадан ашык табигый бал сатылган.Саламаттык сактоо министри Боомдо адам өмүрүн сактап калган студент кызга ыраазы болуп, сыйлады Дамирбек Осмоновдун колунан Медициналык академиянын студенти Адинай Кабенова ыраазычылык кат менен белек алды. Боомдо 3-августта автоунаа кырсыктап, оодарылып кеткен. Мунун кесепетинен эки адам оор жаракат алган. Ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан Медакадемиянын студенти Кабенова жабыркагандарга медициналык биринчи жардам көрсөткөн. Мындай кадамы менен кыз кансыраган адамды ажалдан арачалап калган.Асман шаарын 7-10 жылда куруп бүткөрүү пландалууда Иштер сентябрда башталып, алгач 200 гектар аянт өздөштүрүлөрүн Асман шаарын куруу боюнча мамдирекциянын директору Эльмар Жунусов маалымдады. Анын айтымында, долбоор үч этапка бөлүнүп, биринчи линияны өздөштүрүүгө 3-5 жыл каралууда. Анда негизинен медициналык кластерлер, мейманканалар, бизнес-борборлор, коттедж шаарчалары жана турак жай конуштары курулат. Россиянын бардык өнөктөш өлкөлөрү санкциялык басымга ыңгайлашып, Москва менен өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда РФ Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун директору, Коопсуздук кеңешинин алдындагы Илим кеңешинин мүчөсү Фёдор Войтоловский билдирди. Анын айтымында, Россияга жана ага өнөктөш мамлекеттерге каршы экономикалык жана санкциялык басым 2014-жылы эле башталган. Ал өлкөлөр өз ара кызматташуунун позитивдүү күн тартибин калыптандырып жатканын баса белгиледи. Өнөктөштүктүн чыныгы көрсөткүчтөрү катары түз чет өлкөлүк инвестициялардын динамикасын, өз ара соода жүгүртүүнү, жарандардын ары-бери эркин өтүүсүн жана бирдиктүү эмгек рыногун атады. Борбор Азиянын жакынкы 10–15 жылга карата келечеги тууралуу айтып жатып, Войтоловский аймактагы өлкөлөрдү
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/06/1102813838_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4990a4f08a0859220099cd8bbae93005.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио