00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Туяк
Кадыржан Кыдыралиев: кыргыз киносунун алтын муунунун өкүлү
17:08
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Россия Ошто логистикалык борборлорду курууга кызыкдарИран ЕАЭБде өзүнчө банктык-финансылык системаны түзүүнү сунуштады Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолукту
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Жолугушууга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу өлкө катары Өзбекстандын премьер-министри жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты. Мамлекет башчысы Кыргызстан ЕАЭБди тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча катары карай турганын белгиледи. Ошондой эле өлкө мындан ары да биримдиктин ишине активдүү катышууга даяр экенин билдирди. Жапаров 2027-жылы Кыргызстан уюмга төрагалык кылган учурда Евразия экономикалык форуму өлкөдө өтөрүн эске салды. Ал форумга өнөктөш мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды кеңири тартууну сунуштады.
ЕАЭБ өкмөт башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынынан кийин маанилүү документтерге кол коюлду. Алардын арасында электрондук документтерди пайдаланууну активдештирүү, бирдиктүү финансылык рынокту түзүүгө кадам таштаган келишимдер бар. ЕАЭБдеги электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча келишим. Бул документ интернет аркылуу соода кылууда сатуучулар менен сатып алуучулардын укугун коргоого багытталган. Ошондой эле келечекте маркетплейстердин иши үчүн бирдиктүү эрежелерди киргизүүгө шарт түзөт; брокерлер менен дилерлердин башка ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биржаларында иштөөсүнө уруксат берүү боюнча келишим. Бул бирдиктүү каржы рыногун түзүүгө жардам берет; эмгек миграциясы учурунда окумуштуулук даражаларды таануу боюнча келишим. ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны 1-2-октябрда Минск шаарында өтөт.
Россия Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында жана башка аймактарда логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, мындай инфраструктураны өнүктүрүү кыргызстандык айыл чарба продукцияларын, өзгөчө жашылча-жемиштерди Россиянын рыногуна жеткирүүгө шарт түзөт. Губернатор россиялык инвесторлор мындай инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи. Бул багыттагы иштер Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен түзүлгөн меморандумдун алкагында жүргүзүлөрү айтылды. Мындан тышкары, тараптар ишкерлердин түз байланыштарын күчөтүүнү пландашууда. Россиялык бизнес-өкүлдөр Ош шаарына келип, ишкерлердин катышуусунда бир катар иш-чараларды өткөрүүнү көздөп жатышат.
ЕАЭБ өзүнүн көз карандысыз банктык-финансылык системасын түзө турган деңгээлге жетти. Бул тууралуу Ирандын өнөр жай, кен иштетүү жана соода министри Сейед Мохаммад Атабак Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, эми биримдикте топтолгон тажрыйбаларды практикалык механизмдерге айлантуу зарыл. Министр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук банктарына атайын комитет түзүүнү сунуштады. Аталган комитет дүйнөлүк каржы тенденцияларын жана санариптик валюталардын өнүгүшүн талдап, улуттук санариптик валюталарды киргизүү боюнча тажрыйба алмашууга жана бул багытта бирдиктүү кызматташуу механизмин түзүүгө багытталмак. Ошондой эле Иран SWIFT системасына альтернатива боло турган банк аралык эсептешүүлөр жана финансылык маалымат алмашуу механизмдерин өнүктүрүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматташуусун күчөтүүнү сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0