00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Россиядан келген инвестициялар 2026-жылдын биринчи кварталында 26%га өстү АКШнын кибербашкармалыгында 5 киши жанын кыйды Касымалиев азык-түлүктүн кымбатташы социалдык чыңалууга кириптер кылып жатканын айтты
Азык-түлүк инфляциясы социалдык чыңалууну жарата баштады. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты. Ал дүйнөлүк баанын өсүшүн олуттуу көйгөй деп атаган. Өкмөт башчы бул маселе кечээ талкуулангандыгына токтолду. Ал президент Садыр Жапаровдун агрардык азык-түлүк тармагын бекемдей турган конкреттүү чаралар боюнча макулдашуу зарылдыгы боюнча айтканын эске салып, мунун түпкү максаты элди коопсуз жана жеткиликтүү тамак-аш менен камсыз кылуу экенин айтты. Ал ЕЭКке мониторинг кылынган кырдаал боюнча маалыматтарды алгандан кийин абалга аралжы болуучу сунуштарды токтоосуз киргизип турууну сунуштады. Sputnik Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын түз алып берип жатат.
Россиялык компаниялар жана инвесторлор Кыргызстандын экономикасында активдүү роль ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясында Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда россиялык 1800дөн ашуун компания иш алып барат. Бул өлкөдөгү чет элдик өнөктөштөр менен түзүлгөн биргелешкен ишканалардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. 2026-жылдын биринчи кварталында Россиядан келген инвестициянын көлөмү 26 пайызга өскөн. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы жалпы соода 5 миллиард доллардан ашкан. Сабиров Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролун өзгөчө белгиледи. Фонд өлкөнүн ар кайсы аймактарында ири долбоорлорду ишке ашырууда.
Кыргызстан менен Россия бирдиктүү мобилдик байланыш операторун түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, долбоор Beeline Кыргызстан жана "Билайн Россия" компаниялары тарабынан РКӨФтүн каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылат. Долбоордун алкагында мобилдик байланыш, санариптик кызматтар жана ыңгайлуу акча которуу сервистери бирдиктүү системага бириктирилет. Жаңы мобилдик оператор биринчи кезекте Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар үчүн пайдалуу болот. Абоненттер SIM-картасын алмаштырбай эле мурдагы телефон номерин, тарифин жана санарип капчыгын колдоно алышат.
АКШнын киберкомандачылыгынын кызматкерлеринин арасында бир айда бир ирет өз өмүрүнө кол салган фактылар катталган. Бул туурасында Bloomberg окуядан кабары болгон адамдарына шилтеме кылып жазган. Агенттик ал нерсе согуштар арбып, адистерге көп күч келип кеткендиктен болду деген тыянагын чыгарган. "Июнь башталгандан тарта АКШнын киберкомандачылыгында иштеген же алар менен кызматташкандардын ичинен кеминде беш адам өзүнүн жанын кыйган", — деп агенттик жазган. Маалымат бергендердин айтымында, аскердик хакерлер арасында суициддин көбөйүшү америкалык мыйзам чыгаруучулар менен Пентагондун жетекчилигин чочулатууда. Бул жагдай Иранга каршы согуштан улам жумуштун кескин көбөйүшүнөн жана ишке жасалма акылдын жаңы моделдерин киргизүү аракеттеринен улам келип чыкканы айтылууда. Андан улам кызматкерлердин психологиялык абалы боюнча маселе кайрадан маанилүү болуп чыга келди. Макалада белгиленгендей, Кибербашкармалык 2010-жылы негизделгенден бери негизги кызматтар кадрлардын жетишсиздигинен жабыркап келет. Кызматкерлердин так саны айтылбаганы менен башкармалык штаттык бирдикте алты миңден ашык адис бар экенин билдирген эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0