https://sputnik.kg/20260806/1102837309.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Россиянын региондорунун жетекчилерин кабыл алып, аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен... 06.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-06T19:00+0600
2026-08-06T19:00+0600
2026-08-06T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/06/1102837143_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2372b59464dc7c90946575a38cc60b53.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Россиянын региондорунун жетекчилерин кабыл алып, аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, өндүрүш тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз-орус экономикалык форуму жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы жаңы демилгелерди илгерилетип, эки өлкөнүн өнөктөштүгүн бекемдөөгө кызмат кыларын белгиледи. Анын айтымында, өнөр жай, фармацевтика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү келечектүү багыт болуп саналат. Ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин айтып, россиялык өнөктөштөрдү Жогорку технологиялар паркынын жана "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды. Россиянын аймак жетекчилери агроөнөр жай, IT жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
ЕАЭБдеги биргелешкен иш элдин бакубаттуулугун жогорулатат Бул тууралуу Адылбек Касымалиев Чолпон-Атада ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын тар курамдагы жыйынын ачып жатып билдирди. Өкмөт башчы президент Садыр Жапаров келишимдер кагаз бетинде эле калбастан, иш жүзүндө аткарылып, товарлардын эркин жүгүртүлүшүн тездетип, рынокторду жеткиликтүү кылышы керектигин баса белгилегенин эске салды. “Биргелешкен ишибиздин жыйынтыгы өлкөлөрүбүздүн эртеңки күнгө болгон ишенимин бекемдеп, биримдиктеги интеграциялык процесстерди жаңы деңгээлге чыгарып, экономиканын туруктуу өсүшүнө, калктын бакубаттуулугунун жогорулашына өбөлгө болот деп ишенем”, — деди Адылбек Касымалиев.
Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиевге 500 миң сом айып салды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти. Маалыматка ылайык, сот 15-июлда аны Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") 2-бөлүгү боюнча беш эпизод менен күнөөлүү деп таап, мамлекеттин пайдасына 500 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө өкүм чыгарган. Эске салсак, экс-депутат март айында УКМК тарабынан жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелип кармалган. Июнь айынын соңунда үй камагына чыгарылган болчу.
Америка Кошмо Штаттары Украина менен чалгын маалыматтарын алмашууну калыбына келтиргенин Politico жазды. "АКШ менен Украинанын чалгын маалыматтарын алмашуу жаатындагы кызматташуусу мурунку калыбына келди", — деп айтылат маалыматта. Макалада Украина Куралдуу күчтөрү алынган маалыматтарды Россиянын аймагында операция жүргүзүү үчүн пайдаланып жатканы белгиленген.
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Россиянын региондорунун жетекчилерин кабыл алып, аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, өндүрүш тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз-орус экономикалык форуму жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы жаңы демилгелерди илгерилетип, эки өлкөнүн өнөктөштүгүн бекемдөөгө кызмат кыларын белгиледи. Анын айтымында, өнөр жай, фармацевтика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү келечектүү багыт болуп саналат. Ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин айтып, россиялык өнөктөштөрдү Жогорку технологиялар паркынын жана "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды. Россиянын аймак жетекчилери агроөнөр жай, IT жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.ЕАЭБдеги биргелешкен иш элдин бакубаттуулугун жогорулатат Бул тууралуу Адылбек Касымалиев Чолпон-Атада ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын тар курамдагы жыйынын ачып жатып билдирди. Өкмөт башчы президент Садыр Жапаров келишимдер кагаз бетинде эле калбастан, иш жүзүндө аткарылып, товарлардын эркин жүгүртүлүшүн тездетип, рынокторду жеткиликтүү кылышы керектигин баса белгилегенин эске салды. “Биргелешкен ишибиздин жыйынтыгы өлкөлөрүбүздүн эртеңки күнгө болгон ишенимин бекемдеп, биримдиктеги интеграциялык процесстерди жаңы деңгээлге чыгарып, экономиканын туруктуу өсүшүнө, калктын бакубаттуулугунун жогорулашына өбөлгө болот деп ишенем”, — деди Адылбек Касымалиев.Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиевге 500 миң сом айып салды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти. Маалыматка ылайык, сот 15-июлда аны Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") 2-бөлүгү боюнча беш эпизод менен күнөөлүү деп таап, мамлекеттин пайдасына 500 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө өкүм чыгарган. Эске салсак, экс-депутат март айында УКМК тарабынан жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелип кармалган. Июнь айынын соңунда үй камагына чыгарылган болчу.Америка Кошмо Штаттары Украина менен чалгын маалыматтарын алмашууну калыбына келтиргенин Politico жазды. "АКШ менен Украинанын чалгын маалыматтарын алмашуу жаатындагы кызматташуусу мурунку калыбына келди", — деп айтылат маалыматта. Макалада Украина Куралдуу күчтөрү алынган маалыматтарды Россиянын аймагында операция жүргүзүү үчүн пайдаланып жатканы белгиленген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/06/1102837143_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_21f1511b12c74c46b72c16d507b48a6d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио