https://sputnik.kg/20260806/1102828214.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Россия менен кызматташууну кеңейтүүгө ачык жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы... 06.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-06T15:00+0600
2026-08-06T15:00+0600
2026-08-06T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/06/1102828048_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f515201adb82fe80d3aa4d10421a3354.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Россия менен кызматташууну кеңейтүүгө ачык жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз-орус экономикалык форумунун ачылышында билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөзгө ээ. Бул кызматташтыкты чыңдоо Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Касымалиев белгилегендей, форум жана аймактар аралык конференция пикир алмашуу аянтчасы гана эмес, конкреттүү чечимдер кабыл алынып, биргелешкен долбоорлор башталган жана эки өлкөнүн бизнес-өкүлдөрү менен аймактарынын түз байланыштары бекемделген маанилүү аянтча болуп саналат. Ал ошондой эле өкмөт экономиканы модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, өнөр жайды, энергетиканы, транспорт жана туризм тармагындагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштерди улантып жатканын айтты.
Россия өзүндөгү күйүүчү-майлоочу май тартыштыгына карабастан, Кыргызстанга 100 миң тонна мунай бөлүүгөмакулдугун берди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, бул маселе эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосундагы макулдашуулардын алкагында чечилди. "Эң башкысы — тартыштык жаралышына жол бербөө. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясы бизге 100 миң тонна мунай бөлүүгө макулдугун берди. Бул — эки президенттин сүйлөшүүсүнүн натыйжасы. Өлкө башчы Садыр Жапаров тапшырма бергенден кийин биз Россияга барып, маселени оң жакка чечип келдик. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишим түзүлдү, эми ушул айдын аягына чейин күйүүчү май келе баштайт", — деди Амангелдиев.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) капиталы 2030-жылга чейин эки эсе көбөйүп, 1 миллиард долларга жетиши керек. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков Ысык-Көлдө өтүп жаткан экономикалык форумда билдирди. "Бул багыттагы алгачкы кадам бүгүн жасалат. Тактап айтканда, Евразия өнүктүрүү банкы менен 50 миллион долларга жакын каржылоо тартуу боюнча келишимге кол коюуну пландап жатабыз", — деди ал. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жыл сайын долбоорлорго жүздөгөн миллион доллар инвестиция салат. Былтыр экономикага 135 миллион доллар, быйыл 300 миллион долларга жакын акча салган. Жалпы каржылоонун көлөмү 1,5 миллиард долларга жакындап, бардыгы өлкөнүн экономикасын өйдөлөтүүгө багытталган.
Жаңы кампус курулгандан кийин Кыргыз-Россия Славян университети Борбор Азиядагы эң мыкты жогорку окуу жайына айланат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, россиялык тарап долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички процедураларды аяктады. Оверчук жаңы кампустун курулушун колдогону жана ал үчүн 30 гектар жер тилкесин бөлүп бергени үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Ал заманбап университеттик комплексти түзүү Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым болорун белгиледи.
Кыргызстан Россия менен кызматташууну кеңейтүүгө ачык жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз-орус экономикалык форумунун ачылышында билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөзгө ээ. Бул кызматташтыкты чыңдоо Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Касымалиев белгилегендей, форум жана аймактар аралык конференция пикир алмашуу аянтчасы гана эмес, конкреттүү чечимдер кабыл алынып, биргелешкен долбоорлор башталган жана эки өлкөнүн бизнес-өкүлдөрү менен аймактарынын түз байланыштары бекемделген маанилүү аянтча болуп саналат. Ал ошондой эле өкмөт экономиканы модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, өнөр жайды, энергетиканы, транспорт жана туризм тармагындагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштерди улантып жатканын айтты. Россия өзүндөгү күйүүчү-майлоочу май тартыштыгына карабастан, Кыргызстанга 100 миң тонна мунай бөлүүгөмакулдугун берди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, бул маселе эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосундагы макулдашуулардын алкагында чечилди. "Эң башкысы — тартыштык жаралышына жол бербөө. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясы бизге 100 миң тонна мунай бөлүүгө макулдугун берди. Бул — эки президенттин сүйлөшүүсүнүн натыйжасы. Өлкө башчы Садыр Жапаров тапшырма бергенден кийин биз Россияга барып, маселени оң жакка чечип келдик. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишим түзүлдү, эми ушул айдын аягына чейин күйүүчү май келе баштайт", — деди Амангелдиев.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) капиталы 2030-жылга чейин эки эсе көбөйүп, 1 миллиард долларга жетиши керек. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков Ысык-Көлдө өтүп жаткан экономикалык форумда билдирди. "Бул багыттагы алгачкы кадам бүгүн жасалат. Тактап айтканда, Евразия өнүктүрүү банкы менен 50 миллион долларга жакын каржылоо тартуу боюнча келишимге кол коюуну пландап жатабыз", — деди ал. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жыл сайын долбоорлорго жүздөгөн миллион доллар инвестиция салат. Былтыр экономикага 135 миллион доллар, быйыл 300 миллион долларга жакын акча салган. Жалпы каржылоонун көлөмү 1,5 миллиард долларга жакындап, бардыгы өлкөнүн экономикасын өйдөлөтүүгө багытталган. Жаңы кампус курулгандан кийин Кыргыз-Россия Славян университети Борбор Азиядагы эң мыкты жогорку окуу жайына айланат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, россиялык тарап долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички процедураларды аяктады. Оверчук жаңы кампустун курулушун колдогону жана ал үчүн 30 гектар жер тилкесин бөлүп бергени үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Ал заманбап университеттик комплексти түзүү Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым болорун белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/06/1102828048_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_924572b09977b8dfac547e4f7f9605ad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио