Памир кыргыздары борбор калаадагы ЦУМ, Ош базар сыяктуу көптөгөн жерлерин кыдырышты. Эми бүгүн кайра Нарынга кайтышат.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Нарынга Улуу жана Кичи Памирден көчүп келген кыргыздар Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны көрүштү.
Алар Бишкекке Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын алдындагы Этникалык кыргыздардын ассоциациясы тарабынан чакырылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган ассоциация жетекчиси Музафар Абдуллаев билдирди.
Алар бүгүн шаар кыдырып андан ары Нарынга кетишет.
"Памир кыргыздары борбор калаага кечээ, 15-декабрда келип, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата филармонияда өткөн илимий конференцияга катышты. Андан кийин атайын уюштурулган концертти көрүштү", — деди Абдуллаев.
Анын айтымында, алар бүгүн шаар кыдырып андан ары Нарынга кетишет.
"Бүгүн борбор калаа менен тааныштыруу үчүн экскурцияга алып чыгып ЦУМ, Ош базар сыяктуу көп эле жерлерди көрсөттүк. Эми түштөнүүдөн кийин кайра Нарынга сапар алышат", — деди ассоциация жетекчиси.
Ал ошондой эле Бишкекке 33 Памир кыргыздары чакырылганы менен алардын 12си гана келгенин кошумчалады.
Ал эми коноктордун бири Шарапат апа Бишкек ага абдан жакканын билдирди.
"Кечээ келгенбиз, көп жактарга барганга жетиштик. Тилибиз бир элимди көрүп аябай сүйүнүп жатам. Сиздерге рахмат", — деди апа.
Эске салсак, ушул жылдын октябрь айылында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан.