Автор жакында өзү күбө болгон окуяны сүрөттөгөн. Ата болгон жаш жигиттин жан дүйнө жаңырыгын кагазга түшүрүп, кандан жаралган баланын, кыз баланын анын аркы жашоосуна тийгизген таасирин, чачкан жарыгын жазыптыр.
Мындан туура 25 жыл илгери 18-октябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында кызыл эт балапан жарык дүйнөгө келген. Жарык дүйнөгө жаңы баланын келиши менен ошол айылдын бир тургуну о дүйнөгө узаган. Ал адам менин апам эле. Төрөттөн тирүү чыкпай, жанын мага берди да, үзүлүп кете берди…
Жетиге чыкканымда жетелеп мектепке алып барды. Терисине батпай кубанып, кудуңдап алган. Көчөдөн өткөн адамдардын баары менен ийилип учурашып, тамашага салат. Каткырып күлөт. Өзүн ааламдагы эң бактылуу адам сезип, булуттун үстү менен басып бара жатты. Класстагы эң алдыңкы партага отургузуп, "жарыгым, жакшы оку" деди да чыгып кетти. Бир сааттан кийин мугалим эжеке баласын жетелеп келип мени тургузду да ордума баласын отургузуп, мени болсо эң акыркы партага жылдырып койду.
Мектепке чейин атамдын жанынан чыкпай жүрө бергендиктен эне деген ким экенин, мээримдүү, күйүмдүү жан болорун классташтарымдын апаларын көрүп билдим. Менин ордумду алып койгон баланын апасы, класс жетекчибиз уулун эркелетип, бөпөлөп жатканда мага ушунча жылдан бери эмне жетпей жатканын түшүндүм. Бир ирет ошол бала менен уруша кетип, аны апасы чекесинен сылап, көзүнүн жашын аарчыганда, мени урушуп класстан чыгарып койгондо… жүрөгүм канап, көздөн жаш чыкпай калганча боздодум. Шолоктоп ыйлап атама келсем "Эркек бол! Экинчи жашыңды көрбөйүн!" деп урушту. Көздөгү жаш тыйылган менен жүрөктүн жашы тыйылбады. Өзүмө өзүм батпай, өзөгүм өрттөнүп, жан дүйнөмдөгү бүлбүлдөп жанып турган жарык жалп этип өчтү. Ошондон кийин жашымды атама көрсөткүс болдум. Атам болсо мен 3-класс болгондо "Кумтөргө" айдоочу болуп ишке кирди. 15 күн үйдө, 15 күн "Кумтөрдө" болот.
Эненин жытына, мээримине, жылуулугуна зар болуп жүрүп жетилдим. Түнт, кепке кемтик, сөзгө мокок, тартынчаак болуп чоңойдум. Мектепти бүткөн соң атамдан алыс кетпейин деп Караколго эле окууга тапшырдым. Атамдын суранганы болбосо окууга деле каалоом жок эле. Ошентип студенттик жашоо башталды. Арадан билинбей эле беш жыл өттү…
Коендой окшош күндөрдүн биринде жумуштан чыгып, жолдон өтүп бара жатсам артымдан кара нерсе келип тарс деди. Көзүмдөн от чагыла түшүп, эсимди жоготтум. Көзүмдү ачсам маңдайымда жаркыраган, жагымдуу кыз турат. Жүзүнөн жарык нур чачырап, көздөрү жымыңдайт. Кудум кол менен жасап койгондой сулуу. Мени карап жылмайды эле ушунча жылдан бери муздап турган жүрөгүмө жылуулук кирип, бир кезде өчкөн жарык нур күйгөндөй болду. Көрсө, мени унаа сүзүп кетип, айдоочу кыз мага жардам берип жаткан экен.
Бүгүн 18-октябрь. Мен жарык дүйнөгө келген, апам каза болгон күн. Мындан ары кайгырууга, азап чегүүгө чекит коюлган күн. Анткени бүгүн мен карлыгачымды, кызыл тузум кызымды койнума алып алгачкы ирет ата болуп турам. Мен бүгүн кайрадан төрөлүп жатам. Периштемди колума алып, буга чейинки эски жашоомду бир эскерип алып, андан соң аны менен кош айтышып турам.
P.S Сүйүүнүн отун тамызган, жашоого жарык нур берген аялзаты, бар болуңуздар. Сиздер бар жашоо жарык, күн нурлуу, аалам сулуу.