Урматтуу окурмандар, эгер капа болбосоңор анча көңүлгө жага бербеген окуяны жазайын деп жатам. Анткени бул нерсени үйгө баратканда күнүгө көрүп өтөм. Негизги жолдон үйгө жеткенге чейин көп кабаттуу турак жайлардын эң четиндеги жол менен өтөбүз. Ал үйдүн жер төлөсүндө бир нече тигүү цехтери жайгашкан. Качан караба ошол жерде тамеки чегип турган аялдарды көрөсүң. Жаш селкилерден пенсия курагына чейинки аялдар тамекини түтөтүп турган болот. Айла жок баш чайкайсың. Эми улууларга бир нерсе деш кыйын, болочокто эне болчу кыздар азыр эле баласын уулап албадыбы деп башым катыйт. Андан көрө тамекиге кеткен 50 сомго күнүнө бир килограммдан алма алып жесе алда канча пайдалуу болоор беле… Ошо, менин келечектеги аялым, сен азыр каякта жүрсөң да мындай нерселерден алыс болуп, ден соолугуңду жакшы кара. Күн сууктап кетти, башыңа топу кийип жүр. Кийин орууканадан-ооруканага каттап, дарыгердин бөлмөсүнө "күзөтчү" болуп жүрбөйүн. Эми кечээги күндүн маанилүү жаңылыктарына өтөлү.
Бишкекте дизайнерлердин укмуш фантазиясынанан жаралган ажайып кийимдерди көрсөткөн мода жумалыгы өттү. Жогорудагы жагымсыз сөздөрүмдөн кийин подиумда көйкөлө баскан моделдердин 14 сүрөтүн көрүп жеңилдеп алыңыз. Ажайып ирмемдер дагы жетпей калса качкан колуктуларды, абактагы аялдардын бийин көрүп алыңыз.
Тойдун коногун кууган фотограф, бети менен "торт жеген" актер. Узаган жума ичинде соцтармактагы кызыктуу окуяларды чогултуп чыкты.
Баткенде кыздын ордуна эркек кишинин мумиясы көмүлгөнбү? Бүтпөгөн сөөк чырынын жаңы жагдайлары ачылууда.
Ош шаарында унаалардын майын алмаштыруу жайында өрт чыкты. Тилсиз жоо менен өрт-куткаруу бөлүмүнүн 9 бригадасы кармашып, төрт саат дегенде толугу менен өчүрдү.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.69 (сатып алуу) жана 69.81 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Эненин саламаттыгы — улуттун саламаттыгы!
Бекем ден соолук каалап Эламан Карымшаков.