Алгачы жолу конкурстук программанын алкагында кесипкөй дизайнерлер мыкты моделдерди тандап, эл аралык FACE OF CENTRAL ASIA сынагына Кыргызстандын атынан катышууга жолдомо беришти.
Жалпы жонунан иш-чара үч күнгө созулду. Бул аралыкта калыстар татыктуу делген кийимди тандап жыйынтык чыгарышты.

Борбор калаада FASHION WEEK KYRGYZSTAN мода жумалыгы өттү

Иш-чарада 17 дизайнердин эмгеги тартууланды

Ошондой эле 17 түрлүү кийимдер алып келинген

Ар бир коллекциянын ар башка өзгөчөлүктөрү байкалып турду

Айымдардын ачык жашыл түстөгү көйнөктөрү көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду

Каалоочулар көргөзмөдөн кийин барып өзүнө жаккан кийимди сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Ак-кара түстөгү кийиз пальто кийген модель

Касиет Бекмурат кызынын "Фудзияма" аталышындагы коллекциясы

Өзбек маданиятын чагылдырган коллекция

Сахна артындагы көрүнүш. Моделдер подиумга чыгууда даярданууда

Кечеге ондогон адамдар катышты

Иш-чара жалпы жонунан үч күнгө созулду

Мыкты деп табылган дизайнерлер 18-апрелде Москвада өтө турган эл аралык конференцияга Кыргызстандын атынан катышат