00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
47 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Как страховые компании делят риски и зачем это обычным людям
12:07
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Адвокаттар үчүн белгилүү аймакка лицензия берүү киргизилет — бул кадр жетишсиздигин чечеби?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Зачем кыргызстанцам русский язык — беседа о социсследовании
14:05
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Вылов по правилам: как сохранить рыбные ресурсы Кыргызстана
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Экономикалык панорама
Туризмде тейлөө канчалык маанилүү?
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз филармониясына 90 жыл!
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему в магазинах снова просят платить наличными? Ответ ГНС
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
21:04
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Аида Касымалиеванын айылга каты. Таята, жылдыз санаган түндөр, эски ийик

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева
Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат, журналист Аида Касымалиева айылга жазган катында таятасы менен жылдыз санаган түндөрдү, тепейип отуруп алып базарда апасына жардам берип, зире орогуч жасаган күндөрүн эстеди.

Салам кат!

Бул сапар айылга кат жазуу кезеги мага келип, ал кезде баасын билбеген балалыгым, шалы кечкен күндөр, кайраттуу апам, элеттин жашоосун мага тааныткан таята-таенем кайрадан көз алдымдан тасма сымал чубурду.

Каль Ленин же Калинин

Саякбай манасчы коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-депутат, ЖКнын аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Самат Ибраевдин айылга каты. Манас ааламынын алдында аткарылган парз
Негизи балалыгым Ош шаарында өттү, бирок жайкы каникулду Кара-Кулжанын кемерет жайлоолорунда жана Өзгөндүн Шералысында өткөрчүмүн. Кара-Кулжада таятам менен таенемдин колунда жүрдүм. Айылдын азыркы аты Сары-Булак, мурда Калинин деп аталчу. Калинин демекчи, бир окуя эсимде. Апам Калинин ким экенин мага айтып берип, бала чагында таенемден эмнеге Ленинди каль (Калинин – Каль Ленин) деп жатышат деп сураган экен. Антсе таенем "каль болсо, каль дейт да" деп жооп бериптир. Каль диалектилик сөз, адабий тилде "чачы жок, таз"дегенди туюндурат. Калининге көптөн бери бара элекмин, анткени таятам менен таенем жок. Барсам, менин балалыгымдагы Калининди, бактылуулукту издейм, бирок таппайм. Бирок азыр деле жумуш менен Совет – Кара-Кулжанын райондук борборуна кирип бара жатканда бир башкача сезимдер келет, абасы да башкача сезилип терең-терең дем тартам. Илгери Советтен Калининге чейин автобус күнүнө бир же эки эле жолу каттачу. Кичинекей балдарды терезеден эле буту-колу кыпчылганына карабай салып жиберишчү.

Дөң маңдай же кара кыз

Кичинемде мага "дөң маңдай" же "кара кыз" деп көп кайрылышчу. Чачым таптаза кырылган, кара тору, дөң маңдай кыз элем. Куурчактарымды апамды туурап "менин дөң маңдай кызым" деп эркелетчүмүн. 

© Фото / из личного архива Аиды КасымалиевойАида Касымалиева төрт жашында иниси менен түшкөн сүрөт
Семейный архив Аиды Касымалиевой - Sputnik Кыргызстан
Аида Касымалиева төрт жашында иниси менен түшкөн сүрөт

Тыным албай тезек тергенде…

3 же 4 жашымда апам жайлоого мени таштап кетет. Таенем колума капты карматып, "тезек тер"деп койсо керек, мен керели кечке ар кимдин боз үйүнө барып, дөң, талааларды кыдырып, бир топ эле жыйнап келиптирмин. Муну туугандар эмнегедир эч унутушпайт. Таенем "Аида мени ошол жылы тезек толук камсыз кылган" деп калчу.

Энем Мөкү

Кудайга миң мертебе шүгүр, энем Мөкүнүн көзү бар. Чынын айтайын, абдан кайраттуу, кыйын аял. Эч ким соодага кирише электе эле кымыз, зире сатчу. Өткөндө Өзгөндүн базарына кирип бара жатып, бул жакка балалыгымдан бери кире элегимди түшүндүм…. Анда энем ал жерде зире, калемпир сатаар эле. Анын жанында тыпыйып отуруп алып, эски китеп-журналдардын баракчаларынан зире жана калемпир үчүн кутучаларды даярдоо менин жумушум болчу. Өзгөн, албетте, палоосу менен даңктуу. Чын эле Өзгөндөгүдөй палоонун даамын мен эч жерден таппайм, өзүм да ашты жакшы демдейм. Бал чагымда шалыда да көп иштегем. Бутуң сууда, тырмактар саргайган, кээде бака жана жылан сойлоп өтүп кетет.

Тоолор

Манасчи Замирбек Баялиев - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Замир Баялиевдин айылга каты. Уурдап окуган китеп, ашыктыктын 16 куплети
Шаарда өссөм да мен инсан катары баары бир тоодо, жайлоодо калыптандым. Таенемдин ийик ийип отурган элеси, курак кураганы, кийиз жасаганы, бээ сааганы, таятам менен түнү жайлоодо боз үйдүн жанында жылдыздарды санаганыбыз мага баа жеткис кымбат элестер. Мен уккан жомоктор, уйду айдап барып, кайра бээ айдап келген күндөр, жайлоонун ичиркенткен суугу жана түнкү жаандары, куурай термей, сүт тарткычтын табактарынан каймак жаламай, таенем жасаган чабаты, мыкчыма – баары менин жүрөгүмдө. Буларды көрүп, ага аралашып жашагандын өзү бакыт болсо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0