Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакыт Мукул: "Ата керээзи" тасмасында жаңы көз караш камтылган

© Sputnik / Табылды КадырбековКинорежиссер и актер Бакыт Мукул
Кинорежиссер и актер Бакыт Мукул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата керээзи" тасмасы 30дан ашык эл аралык фестивалга катышып, 20дай сыйлыкка ээ болгон. Анын ичинде Монреалда өткөн "А" класстагы эл аралык фестивалда "Мыкты дебюттук фильм" наамы үчүн берилген баш байге "Алтын Зенит" бар.
Бакыт Мукул: "Ата керээзи" тасмасында жаңы көз караш камтылган

"Ата керээзи" тасмасында жаңы көз караш, жаңы драматургия камтылган. Бул тууралуу аталган фильмдин режиссерлорунун бири Бакыт Мукул Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган тасма менен кыргыз киносу сыймыктанышы керек.

"Кыргызстандын киноакадемиги Талип Ибраев деген агабыз бар эле, көзү өтүп кетти. Дайыма мага тийишип сүйлөчү эле, анан сценарий даяр болгондо ошол кишиге бир көрсөтүп көрдүк. Аны окуган соң киностудияда иштегендерге бүт көрсөтүп "мына, сценарий деген ушундай болот, ушунча жашка келип мен мындай сценарий жаза алган эмесмин" деп мактаганы эсимде. Тасманы тартаарда "Актан Арым Кубат же Темир Бирназаров режиссер болсун, бергиле, силер сонун сценарийди бузуп аласыңар" деп калды. Биз ага макул болгон жокпуз, өзүбүз тарттык, монтаж толук бүтө электе агай ооруканада болчу, алып келип көрсөтсөк, көзүнөн жаш тегерегенип "эч жерин кыскартпагыла, жаңы көз караш, стиль бар экен" деп ыраазы болду. Жакшы эле сөз угуп жатабыз", — деди Бакыт Мукул.

Жакында тасманын дагы бир режиссеру Дастан Жапар уулу экөө Австралиядагы Тынч океан киноакадемиясынын академиги деген наам алышканын да кошумчалап кетти.

Бакыт Мукул менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0