Бакыт Мукул: "Ата керээзин" тартууда бут тоскондор, теңсинбегендер көп болду

© Фото / Дастан Жапар уулуФильм "Завещание отца" ("Атанын керээзи")
Фильм Завещание отца (Атанын керээзи) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Ата керээзи" тасмасы эки жылдан бери дүйнө жүзүн кыдырып, эл аралык фестивалдарды багындырууда.

КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Театр бош калды! Актер Марат Козукеев тууралуу 7 факты
Анын ичинен Монреалдагы "А" класстагы эл аралык фестивалда "Мыкты дебюттук фильм" наамын алып, баш байге "Алтын Зенитти" утуп алган. Бул кино тармагындагы эң баалуу сыйлык болуп саналат.

Оператор менен актер тарткан тасма эмнеси менен дүйнө элин таң калтырып, кыргыз кино чөйрөсүндө кандай пикирлерди жаратты. Суроолорго жооп алуу үчүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тасманын режиссерлорунун бири Бакыт Мукулду конокко чакырып, маектешти.

— Тасмаңыздар жалпысынан эл аралык канча фестивалга катышты?

— Так деле санын билбей калдык. Баш-аягы болжол менен 30дан ашык эл аралык фестивалга катыштык окшойт. Анын ичинен  эл аралык 20 сыйлык алдык. Эң башкысы — тасма кайсы жерде көрсөтүлбөсүн, өңү, улуту башка болсо да ошол өлкөнүн эли фильмди жактырып, "бизге да ылайыктуу тасма экен" деп берилүү менен көрүп жатты. Өз өлкөсүндө көрсөтөбүз деп алып калган учурлар болду.

— Азыр эл аралык фестивалдар көп, бирок жөнөкөй адамдар алардын айырмасын деле түшүнө бербейт эмеспи. Сиздер катышкан эл аралык фестивалдардын деңгээли боюнча да маалымат берип койсоңуз?

— Биз катышкан эл аралык фестивалдардын ичинен Монреалдагы фестиваль — "А" класстагы фестиваль. Анда биз баш байге "Алтын зенитти" утуп алдык. Мындай сыйлыкты Кыргызстанда алгач биз алдык, андан соң жакында эле режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Таллин шаарында өткөн эл аралык фестивалда баш байгени жеңди. Мындай тасмалар менен кыргыз кинематографиясы мактанса болот. "Жок, бул актер менен оператор тарткан тасма" деп бут тоскондор, теңсинбегендер да болду. Башка өлкөлөр биздин фильмди берилүү менен көрүп, жакшы кабыл алып мактап жатса, биздин кино чөйрөдөгү айрымдар дагы эле анын мыкты экенин моюндарына алгылары келбей жатат. Мисалы "А" класс бул спорттук тил менен айтканда олимпиада сыяктуу, мен тамаша иретинде "Кыргызстанда эки эле алтын бар, бирин штанга көтөрүп Каныбек Осмоналиев алса, экинчисин "Ата керээзи" жеңген" деп күлүп калам. Жакында эле Австралияга Тынч океан киноакадемиясынын "Мыкты сценарий" номинациясы менен "Азия оскары" кино сыйлык тапшыруу аземине барып келдик. Ал жактан Дастан экөөбүзгө Тынч океан киноакадемиясынын академиги деген наам ыйгарылды. Ошентип Кыргызстанда ала элек наамды чет жактан алып койдук. 

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер Бакыт Мукул: биз катышкан эл аралык фестивалдардын ичинен Монреалдагы фестиваль — "А" класстагы фестиваль. Анда биз баш байге "Алтын зенитти" утуп алдык
Кинорежиссер и актер Бакыт Мукул - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Бакыт Мукул: биз катышкан эл аралык фестивалдардын ичинен Монреалдагы фестиваль — "А" класстагы фестиваль. Анда биз баш байге "Алтын зенитти" утуп алдык

— Эми тасманын мазмунуна токтолсок. "Ата керээзи" фильминин айтайын деген негизги ою эмне? Дүйнө элин эмнеси менен таң калтырып жатат?

Ак илбирстин тукуму тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз керемети: тарыхта калчу 10 тасма
— Тасманын чоочун элге жагып жаткандыгынын себеби ал жерде адамдык сапат, бири-бирине болгон мамиле, миграция маселеси козголгондугу. Көп мамлекеттерде адамкерчилик сапатты материалдык байлыкка алмаштырып алгандар көп, бардык өлкөдө миграция маселеси көйгөй жаратат. Фильм айылынан көп карыз алып Америкага иштейм деп кеткен кишинин баласы тууралуу. Ал атасы өлгөндө сөөгүнүн күлүн Ата-Журтуна алып барып. барктап коюну чечет. Атасын бүт айыл "аферист" деп жаман көргөндүктөн, бала ал сөөктүн күлүн жерге көмгүчө далай кыйынчылыктарга дуушар болот. Акыры атасынын бардык карыздарынан кутултуп элдин баары "атаң жакшы киши болчу" дегенден кийин гана күлүн туулган жерине көмдүргөн. Тасманын башкалардан айырмачылыгы — анда жаңы көз караш, жаңы драматургия, элдикине окшобогон стилистика бар.

— Сценарийин ким жазды эле? Тасма болгон окуянын негизинде тартылды беле?

— Жакшы чыгарма оңой жаралбайт экен. Бул тасманын сценарийин дагы Дастан Жапар уулуу экөөбүз жазганбыз. Сценарий жаздык, идеясын алгач мага Дастан айтып келген. Бул болгон окуя эмес, баарын жаңы драматургия, жаңы көз караштын негизинде жараттык. Сценарийди жазып бүткөн соң тартканга акча таппай бир аз кыйналдык. Ошентип аны тең акчасын мамлекет төлөп берип, жарымын өзүбүз тууган-туушкандардан чогулттук. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Алмазбек Атамбаев "Атанын керээзи" көркөм фильмин тарткандар менен жолугушуусу
Президент КР Алмазбек Атамбаев встретился с создателями фильма Атанын керээзи (Завещание отца)  - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Атанын керээзи" көркөм фильмин тарткандар менен жолугушуусу

— Сизди актер, Дастанды оператор деп "тоготпогондор" болгон жокпу? Эмне үчүн актердон режиссерлукка өтүүнү чечтиңиз?

— Мен академиялык драма театрынын алдындагы эки жылдык студияда билим алып, Советбек Жумадылов, Галина Ибраева, Бообек Ибраев деген белгилүү адамдардан сабак алгам. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, бирок азыркыга чейин бүтө албай жүрөм. Чоң окуу жайды бүтүп деле ролик тартып жүргөндөр бар. Чыгармачылыкка бир гана диплом эмес, жан дүйнө, көз караш да керек. Азыр жада калса, заманбап драматургияны билбей жүргөн чоң режиссерлор бар. Анан туруп алып, асманды сүйлөшөт. "Көрө албастык" деген бизде жаман сапат бар да. Чогулуп алып, кеңешип мыктыны мыкты деп эл аралык фестивалга жөнөткөндү билбейбиз. Мисалы, эл аралык фестивалдарда Ирандын тасмалары көп катышат, калыстар тобунда алардын мүчөсү болсо да бири-бирин колдошот. Бизде кокус фестивалда калыстар тобунда бир эле кыргыз болсо ал жерден кыргыз тасмалары байге албай калат.

Белгилүү актер Болот Тентимишов - Sputnik Кыргызстан
Актер Болот Тентимишов: театрда жүрсөң көмүскөдө кала бергидейсиң
Театрда иштеп жүргөндө бир учурда кыйын заман болду. Айлыктын ордуна ун тарата баштаган. Ошондой учурда сатирик да болуп кеткем. Чыгармачылыгымда 40тай кинодо ар түрдүү образ жараттым. Ошол тасмаларга тартылып жатканда дайыма "мен болсом мындай тартмакмын" деген ой коштоп жүрчү. Жакшы идеялар келчү. Бирок аларды башка бирөөгө берсең сен ойлогондон башкача кылып тартып салышы мүмкүн. Мындан улам эмнеге өзүм тартып көрсөм болбосун деп Дастан экөөбүз ишти баштадык. Жаман болгон жок. Мен деле, Дастан деле кокусунан режиссер болуп калган жокпуз, чыгармачылык, кинону түшүнбөсөк бир жөн. Бул тармакта көптөн бери жүрөм. "Мен режиссермун" деп эч нерсени кыйратпай мамлекеттин акчасын жеп коюп отургандар бар. Ага караганда биз киного салым кошуп жатабыз да. Мени актер, Дастанды оператор деп канча киши башында бизди тоготпой жүрдү. Чыгармачылыкта эч нерседен чектөө болбош керек. Бардык жагынан адам өзүн сынап көрүш керек. Тасманы тартаарда акча издеп жүргөндө "көрөсүңөр, дүйнөлүк киного жетебиз"деп айткам, жеттик. Кыргыз искусствосу "көрө албастык, ичи тардыктан" улам арыш ала албай жатат. Болбосо азыр таланттуу балдар-кыздар толтура. Аларды басмырлабай өнүктүргөнгө жардам бериш керек. 50гө чыккан мага ушунча тоскоолдук болуп жатат, анан жаштар кайдан өсмөк эле? 
© Фото / Виолетта СавчицМинсктеги "Листопад" аттуу кинофестивалында
Торжественная церемония закрытия 23 Международного кинофестиваля Листопад в Минске  - Sputnik Кыргызстан
Минсктеги "Листопад" аттуу кинофестивалында

— Тасмага кыргыз кино тармагындагы улуу муундун өкүлдөрү кандай сын-пикирлерин айтышты?

— Кыргызстандын киноакадемиги Талип Ибраев деген агабыз бар эле, көзү өтүп кетти. Дайыма мага тийишип сүйлөчү эле, анан сценарий даяр болгондо ошол кишиге бир көрсөтүп көрдүк. Аны окуган соң киностудияда иштегендерге бүт көрсөтүп "мына, сценарий деген ушундай болот, ушунча жашка келип мен мындай сценарий жаза алган эмесмин" деп мактаганы эсимде. Тасманы тартаарда "Актан Арым Кубат же Темир Бирназаров режиссер болсун, бергиле, силер сонун сценарийди бузуп аласыңар" деп калды. Биз ага макул болгон жокпуз, өзүбүз тарттык, монтаж толук бүтө электе агай ооруканада болчу, алып келип көрсөтсөк, көзүнөн жаш тегерегенип "эч жерин кыскартпагыла, жаңы көз караш, стиль бар экен" деп ыраазы болду. Чет элдик кино чөйрөсүнүн өкүлдөрү да жакшы ой-пикирлерин калтырып, гезит-журналдарга макала жазышты. Америкалык бир киносынчы биздин тасмадагы каарманды мактап "бул баланын атасы жакшы адам болуптур, баласына туура тарбия бериптир" деген рецензия жазыптыр. Айтор, жакшы пикирлерди эле угуп келе жатабыз. 

— Тасма өзүн актадыбы?

— Ооба, актады.

— Дагы фильм тартайын деген оюңуз барбы же актерлук өнөрүңүздү эле улап кетесизби?

— Дагы бир драма тартсак деген ой бар. Актерлук кесипти деле уланта берем. Болгону өзүмдүн эле кесиптештерим "көрдүңбү, бул кокустан эле режиссер болуп калган" дедирбеш үчүн бекемдеп дагы бир тасма жаратсакпы деп турабыз. Негизи чыгармачылык бир беткей эмес, кенен болуш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0