Сахнаны сагынган Замир Сооронбаев тууралуу кызыктуу 9 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Эл артисти, театр жана кино актеру Замир Сооронбаев
КРдин Эл артисти, театр жана кино актеру Замир Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Эл артисти, театр жаатында опол тоодой эмгеги бар Замир Сооронбаев бүгүн 62 жашка чыгып, кутман курактын чайын ичип отурган кези

Актер эки жыл мурда инсультка кабылып, азыр акырындык менен өзүнө келе баштады. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын ден соолугунан кабар алып, басып өткөн өмүрүнө саресеп салып, белгилүү актер тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамир Сооронбаевдин оюн онго бөлгөн нерсе улуу муун, залкарлардын унутулуп бара жатканы. Ал 90 жылдык тарыхы бар театр бүгүн эле унутулуп калбашы керек деген ойдо
Народный артист КР, актер Замир Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Замир Сооронбаевдин оюн онго бөлгөн нерсе улуу муун, залкарлардын унутулуп бара жатканы. Ал 90 жылдык тарыхы бар театр бүгүн эле унутулуп калбашы керек деген ойдо

Биз барсак, керебетинде телевизор көрүп отуруптур. Өзү эптеп кыймылдаса да агабыз шатыра-шатман, берээрге ашын таппай кучак жая тосуп алды. Дайыма эл алдына жүргөн улуу инсан сахнага болгон сагыныч, кусалыгын да жашырган жок. Эртеден бери жакындарынан, досторунан куттук сөздөр келип жатканын айтып, элине ыраазычылыгын билдирип өттү.

Алдан тайдырган оору. Замир Сооронбаев 2015-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына иш сапары менен барган. Бийик тоолуу жерден кан басымы көтөрүлүп, инсульт болуп жыгылып, баспай калган. Өлүмдөн дарыгерлер алып калышкан. Андан соң кытай дарыгерлеринин жардамы менен ийне алып, аз-аздан кыймылдап, азыр бир жагынан жетелетип, экинчи жагынан таяктын жардамы менен басат. Театр, сахна, чыгармачылык дегенде эки көзү төрт болгон актер буюрса, жаңы жылдан кийин жумушка чыгып калам деген ниетин айтты.

© Фото / из личного архива Замира СооронбаеваЖакында эле режиссер Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа" тасмасында баш каармандын образын жаратты
Народный артист КР, актер Замир Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Жакында эле режиссер Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа" тасмасында баш каармандын образын жаратты

Балалыгы. Актердун Ата журту Нарын облусунун Кочкор районундагы Мантыш айылы. Ал эми өзү атасынын жумушуна байланыштуу Нарын шаарында төрөлгөн. Замир Сооронбаев таенесинин колунда чоңойгон. Байбиче айтылуу манасчы Тыныбек Жапый уулунун карындашы болгон. Небересине кичинесинен жомок, уламыштарды айтып берип, актер чыгармачылыкка ошол мезгилден тарта пайда болсо керек дейт. Алты бир туугандын төртүнчүсү. Улуу агасы автомобилист, андан кийинкиси аскер кызматкери, үчүнчүсү кол өнөрчү болгон. Бирок агаларынын баарынын көзү өтүп кеткен. Эки карындашы бар. Бири Нарында, экинчиси Ысык-Көлдө жашайт.

Дарыгер болуп кала жаздаган актер. Атасы балдарынын баары ар кайсы кесиптин ээлери болушун каалачу экен. Мындан улам Замир Сооронбаевди атасы медициналык окуу жайга тапшыртат. Үчүнчү экзаменге бараарда жолдон "Москвада Щепкин атындагы театралдык окуу жайга актер тандалат" деген жарнаманы окуп калып, ал жактагы сынакка барып катышкан. Бардык талаптарды аткарып, бирок боюнун кыскалыгына байланыштуу ал окуу жайга өтпөй калган. Ага карабай Токтоболот Абдымомунов атындагы академиялык драма театрынынын алдындагы эки жылдык студияга өткөн. Бир жылдан соң Ташкенттеги Александр Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтуна тапшырып, ал жакты 1979-жылы аяктаган.

© Фото / из личного архива Замира СооронбаеваМуратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты
Народный артист КР, актер Замир Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты

Театрдан тапкан сүйүү. Жубайы актриса Калича Сейдалиева менен эки жылдык студияда окуп жүргөндө таанышкан. Башында байкап, көз салып, артынан жүгүрүп жүрүп экөө 1975-жылдын 1-январынан баштап кыз-жигит болуп калышат. Сейдалиева да Ташкенттеги окуу жайга экзаменден өтүп, 3-курста экөө баш кошкон. Окуусун аяктаган жубайлар Бишкек шаарына келип, ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалованын чечими менен Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында иштеп калышкан.

Жаштыгын алган театр. "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей Замир Сооронбаев 1979-жылдан бери кыргыз улуттук драма театрында эмгектенген. 1999-жылга чейин актер болуп иштесе, андан кийин устаты Бообек Ибраев ордун бошотуп берип, режиссерлук кесипти аркалап калган. 2011-жылы театрга көркөм жетекчи болуп шайланып, 2014-жылы ден соолугуна байланыштуу ордун тапшырып берген.

© Фото / из личного архива Замира Сооронбаева2011-2014-жылга чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык театрына көркөм жетекчиси болуп шайланган
Народный артист КР, актер Замир Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
2011-2014-жылга чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык театрына көркөм жетекчиси болуп шайланган

Семетейден Тибальтка чейин. Актер театрда көптөгөн ролдорду жараткан. Анын ичинде Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Семетейдин образын, Уильям Шекспирдин "Ромео жана Жульетта" спектаклинде Тибальттын, Токтоболот Абдымомуновдун "Абийир кечирбейт" драмасында Масадыктын ролдорун жараткан. 20дан ашык көркөм, даректүү тасмаларга тартылган. Ооруп жатканда Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа" деген фильминде баш каарман президенттин образын ойноп берген. Ал тасманын сценарийи атайын Замир Сооронбаевге арналып жазылган.

Балдары. Бир кыз, бир уулдун атасы. Кызы учурда Түркияда орус тилчи мугалим болуп иштейт. Небересин кичинесинен таята-таенеси багып, ал азыр 11-класстын бүтүрүүчүсү. Уулу эстрада ырчысы Айбек Замиров 2011-жылы Сочиде өткөн Юрмала сынагында төртүнчү орунду алып келген. Атасынын айтымында, мүнөзү оор, чоң атасын тартыптыр.

© Фото / из личного архива Замира СооронбаеваУулу Айбек Замиров менен. Учурда баласы эстрада ырчысы
Народный артист КР, актер Замир Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Уулу Айбек Замиров менен. Учурда баласы эстрада ырчысы

Насааты. Актер ар дайым өз студенттерине, жаштарга устаты, залкар актриса Сабира Күмүшалиеванын "адам 50-60-80-90 жашка чыкса болот, бирок кадырман кары болгон баарынын колунан келбейт" деген улуу сөзүн көп айтат. Ошондой эле ал ар бир адам бирөөнүн эмес, кесибинин алдында таза болуш керек. Ошону сүйүп, өнүктүрүп, бакканга өзүңө-өзүң шарт түзүшүң керек деп акыл-насаатын айтып калат.

Бүгүн СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева теат сахнасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакен Кыдыкеева 94 жашка чыкмак... Сахна ханышасы тууралуу кызыктуу 5 факты
Жүрөк өйүгөн көйгөй. Замир Сооронбаевдин оюн онго бөлгөн нерсе — улуу муун, залкарлардын унутулуп бара жатканы. Ал 90 жылдык тарыхы бар театр бүгүн эле унутулуп калбашы керек деген ойдо. Эл театрга барбай, ал жакта дөө-шаалар жок муздап, аңгырап калгандай сезилет дейт. Театрлар майдаланып, кечээ эле ага опол оодой эмгек жасап кеткен Советбек Жумадыловду бүгүн жаштар билбей жатканы, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Сайрагүл Балкыбекова, Токтоболот Абдымомунов сыяктуу залкарларга 100 жыл болсо да аларга атайын эскерилбей, акырындап унутулуп бара жатканы жүрөктү өйүй турганын айтып, үшкүрүнүп алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0