Жээнбеков өлкөнү кандай башкарат. Астрологдун божомолу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервое совещание президента Сооронбая Жээнбекова с руководством Аппарата
Первое совещание президента Сооронбая Жээнбекова с руководством Аппарата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астролог Андрей Рязенцевдин айтымында, Сооронбай Жээнбеков үчүн 2017-жылдын декабрь айы менен 2018-жылдын январь, февраль айлары ийгиликтүү өтөт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Астролог Андрей Рязенцев астрологиялык төлгө боюнча Сооронбай Жээнбеков кандай жетекчи болорун божомолдоп айтып берди.

Рязенцев Sputnik Кыргызстан агенттигине Сооронбай Жээнбековдун башкаруусунда өлкөдө амбициялык технологиялык долбоорлор анын ичинде "Таза Коом" ишке ашарын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков аппарат жетекчилиги менен кеңешме өткөргөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков алгачкы кеңешме өткөрдү
Жаңы президент үчүн 2017-жылдын декабрь жана 2018-жылдын январь, февраль айлары ийгилик менен коштолот. Астрологдун айтымында, бул айлардын аралыгында Казакстан менен болгон мамиле жакшырып, соода-сатык тармагында кызматташуу жакшырат.

Божомолго ылайык, Жээнбековдун демилгеси менен бул айлар аралыгында таасирлүү инвесторлор жана саясатчылар менен жолугушуулар болот. Анын арты менен маанилүү чечимдер кабыл алынып, Кыргызстандын экономикасы менен имиджине оң таасир берет.

"2018-жылдын жаз айларында, июль, сентябрь, октябрында жана 2019-жылдын февралындагы энергетика оомо болот. Бир туруп кызыктуу идеялар менен долбоорлор жаралса, бир туруп интрига күчөйт. Көмүскө каршылык өлкөнүн өнүгүү динамикасына дагы таасир этиши мүмкүн. 2019-жылдын жаз айлары глобалдык өзгөрүүлөрдүн башаты. Бул убакыт учурунда башаламандык уюштурууну каалагандардын таасиринен арылууга болот", — деди Рязенцев.

Белгилей кетсек, 24-ноябрда жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болуп өттү.  


Жаңылыктар түрмөгү
0