БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Эскерте кетсек, Атамбаевдин президенттик мөөнөтү эртең, 24-ноябрда аяктайт.